Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 09.09.2019 11:16

Өзгөндүн Калта айылында 12 гектардагы куураган чөп жана 50 дарак күйүп кетти

Өрт. Иллюстрациялык сүрөт
Өрт. Иллюстрациялык сүрөт
// Turmush

Turmush -  Өзгөн районунун Калта айылында 12 гектар аянттагы куураган чөп жана 50 дарак күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда ӨКМден билдиришти.

Өзгөн районунун Кызыл-Кырман айылында 1 гектар жердеги куураган чөп күйдү.

Чоң-Алай районунун Кызыл-Туу айылында мончодон өрт чыгып, 30 чарчы метр жуунучу бөлмөсү күйүп кетти. Кырсык мешти пайдаланууда өрт коопсуздук эреженин бузулушунан улам чыккан.

Кара-Суу районунун Кызыл-Байрак айылындагы үйдүн 4 чарчы метр чатыры өрттөндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×