Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуАлай району 09.09.2019 20:00

Алайда 10,9 млн сомго курулган спорт зал жана ФАП пайдаланууга берилди

Turmush -  Алай районунда жаңы курулган спорт зал менен ФАП пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

7-сентябрь күнү Алай районунун акими Замирбек Молдокулов алыскы Сары-Могол жана Талды-Суу айыл өкмөттөрүнө барган. Аким аталган айыл өкмөттөрдөгү бала бакча, мектеп, ФАП, маданият үйү сыяктуу социалдык объектилерди кыдырып, алардын кышка болгон даярдыгы менен таанышты.

Ошондой эле Сары-Могол айыл өкмөтүндө спорт залдын ачылышы өттү. Спорт залдын жалпы сметалык баасы 7 млн 600 миң сомду түзүп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган.

Андан тышкары Талды-Суу айыл өкмөтүнүн Арча-Булак айылында фельдшердик-акушердик пункт пайдаланууга берилди. Аталган ФАПтын курулушу да жергиликтүү бюджеттен каржыланып, ага 3 млн 306 миң сом сарпталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×