Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Баракелде, Бишкек 10.09.2019 10:00 На русском

«Апамдын апасы болосуз го»: Фатима менен Мадинанын кызыктуу окуялары

Turmush -  Учурда үй-бүлөсү менен Бишкек шаарында жашап жатышкан Айсалкын Капарова 7 жаштагы Фатима менен Мадинанын апасы. Ал аймактык кабарчыга эгиз кыздарынын кызыктуу окуяларын айтып берди.

Айсалкын Капарованын айтымында, кыздары 5 мүнөт аралык менен төрөлүшкөн.

«Эгиз кыздарымдын атын чоң энеси койгон. Фатима улуусу. Ал 2,5 кг, Мадина 2,1 кг салмак менен төрөлүшкөн. УЗИден текшерилип, эгиз кыздар экенин укканда ишенбей шок болгом. Фатима окуганга, а Мадина болсо жазуу жагына шыктуу. Сүрөт тартканды жакшы көрүшөт. Быйыл Бишкек шаарындагы №18 мектепке 1-класска барышты», - дейт эгиз кыздардын апасы.

Ал Бишкек шаарына Ош облусунан көчүп келишкенин билдирди. Кыздары уялчаак экенин айтып, алардан тышкары 2 уул, 1 кызы бар экенин кошумчалады.

«Фатима кичине чоңураак, ошондон айырмаланат. Менин атам эгиздин түгөйү. Кайын энемдин туугандарынан да эгиз бар экен. Кыздарым бала бакчага барып жүрүшкөндө тарбиячысы балдардан фамилияларын сураптыр. Фатима ойлонуп, үйдө баары Кадырова, апам жалгыз Капарова экен, мен да апама шерик болуп Капарова болоюн деп фамилиясын "Капарова" деп жаздырып коюптур. Негизи кыздарым тынч жүрүшөт, эл көзүнө көп көрүнүүнү каалашпайт.

Бир жолу кыздарым ооруп калып, чоң энеси дары ичирип жаткан. Фатима чоң энесинин башын айлантып, Мадинанын ордуна дагы дары ичип кетиптир. Кыздар жайкы эс алууда чоң энесинин үйүндө жүрүп келишет. Айылда таенеси дүкөн иштетип, кыздарым күндө барышчу. "Болду эми, күндө эле келе бересиңерби?" десе, сиз апамдын апасы болосуз го деп айтышчу экен», - дейт Айсалкын Капарова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×