Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Нарын облусуКочкор району 17.09.2019 10:53 На русском

Күйөөсүн камагыла деген аял жана бир үйдөн 3 өлүк чыккан окуя: Т.Намазбекованын тажрыйбасы

Turmush -  «Погончон айым» рубрикасынын кезектеги каарманы — 23 жаштагы кенже лейтенант Турсункүл Намазбекова.

Ал 1995-жылы Кочкор районунун Оро-Башы айылында туулган. Бала кезинен эле күч түзүмдөрүндө иштөөнү кыялданып, Л.Н.Гумилев атындагы Евразиялык улуттук университетти артыкчылык диплому менен аяктап, юрист кесибине ээ болгон.

«Бала чакта ар бирибиз бир кесиптин ээси болууну кыялданып, элестетип көрөт эмеспизби. Мен да тыкыйып форма кийип, милиция кызматкери болууну кыялданчумун. Бул оюмдан эч качан кайткан жокмун. Ата-энем башка кесипти танда деп айтып көрүштү. Албетте, алар мен үчүн кабатыр болушса керек. Ошентип юридикалык билим алдым. Тергөө иштерине абдан кызыкчумун. Өндүрүштүк практикага райондук ички иштер бөлүмүнө барып, бул тармак боюнча кенен тааныша баштадым. 2018-жылы Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн жорук иштеринин тергөө тобунда иштеп баштадым. Өзүң каалаган жумушта иштесең, ишиң кызыктуу болот. Милицияда иштөө өзгөчө кызыктуу, себеби ар күнү ар кандай иш катталып турат», - деди ал.

Кенже лейтенанттын айтымында, бул жумушка келгени мүнөзү өзгөргөн.

«Бул жумушта иштегениме 1 жылдын жүзү боло элек болсо да көп нерсени түшүндүм. Эң биринчи адамдын жүзүнө карап, анын психологиясын анализдөөнү өздөштүрө алдым. Экинчиден мүнөзүм бир аз өзгөрдү. Себеби, ар кандай адамдар менен иштешип жаткандыктан токтоо жана сабырдуу болушуң керек экен», - деди ал.

Анын айтымында, жумуш учурунда жүрөк өйүтө турган же күлө турган учурлар болот.

«Эсиңиздерде болсо, 2019-жылдын январь айынан тартып Баш мыйзамга өзгөртүүлөр кирди. Албетте, жашоочулардын бардыгы жаңы мыйзамдар менен тааныша беришпейт.

Январь айында бир үйдөн чакыруу түшүп калды. Барсак үй-бүлөлүк чыр-чатак экен. Үйдүн кожоюну спирт ичимдигин ичип алыптыр. Аялы менен урушса керек. Аялы "муну алып барып камап койгула. Эсине келтирип, арак ичкис кылып чыгаргыла. Антпесеңер тынчтык болбой жатат" деди. Бул эже мурдакы мыйзам боюнча алып кетишет деп ойлосо керек. Ал эжеге мыйзамдагы өзгөрүүлөр боюнча маалымат берип, жолубузду уладык.

Жумгал районунда үй өрттөндү деген кабар келди. Барсак, оор кылмыш жасалыптыр. Чоң энеси менен эки небересин мыкаачылык менен өлтүрүп, кылмышын жабуу үчүн үйдү өрттөп жиберген экен. Ал бөбөктөрдө эмне күнөө. Ошентип бир күндө 3 өлүк жерге берилди. Кичинекей балдардын өлүмүн көргөндө капа болуп кейидим. Адам деген атты татыктуу алып жүрө албаганыбызга бир эсе ардандым.

Кыштын аяздуу түндөрүнүн биринде жол кырсыгы катталып, кырсык болгон жерге таңкы саат төрттө бардык. Эшикте чилде. Үшүп, тоңуп араң жеттик. Колум тоңуп калгандыктан кырсык болгон жердин кароо схемасын чие албай калыптырмын. Ал гана эмес сууктан калемим жукпай калган экен. Мына ушул окуялар эсимде калды. Биз күн-түн же ысык-суукка карабай тоо-ташта жүрүүгө туура келет. Кооптуу жана сыймыктуу жумуш», - деди ал.

Погончон айым келечектеги өмүрлүк жолдошу жумушун түшүнгөн адам болсо дейт.

«Келечектеги жолдошум менин жумушумду түшүнгөн инсан болсо деп тилейм. Себеби нөөмөттө турабыз, ар кандай адамдар менен жолугушабыз. Турмушка чыксам ишке да, үй-бүлөгө да жетише алам деп ойлойм», - деди ал.

Учурда Турсункүл Намазбекова Кочкор РИИБде иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×