Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусу, Ош 17.09.2019 18:12 На русском

24 жаштагы кыз өч алганы келген жигит менен 2 ирет жыныстык катнашта болгон. Окуянын чоо-жайы

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаардык сотунда Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-3-пункттарынын (каракчылык) жана 162-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) негизинде айыпталган Имрандын (аты өзгөртүлдү, М.у.И.) кылмыш иши каралды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Имран 1992-жылы Ош шаарында туулган, убактылуу эч жерде иштебейт, бойдок. Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 167-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде (тоноо) айыпталып, 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. Ушул жылдын 21-июнунда зордуктоого шектелип кайра камакка алынган.

Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, Имран 20-июнда саат 21:30-00:00 аралыгында мас абалда бет кап, кара түстөгү баш кийим, кара түстөгү көз айнек кийип алып, Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде убактылуу жашап жаткан 24 жаштагы кыздын батирине барган. Имран батирде жашаган кыз менен мурда тааныш болгон. Ал кызды «сенден өч алганы келдим, сени өлтүрөм» деп бычак менен коркутуп зордуктаган жана 370 сом акчасын алып кеткен.

Сот отурумунда айыпталуучу Имран күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, жабырлануучу менен интернет аркылуу таанышканын билдирди. Ал интимдик кызмат үчүн кызга 3 миң сом төлөгөнүн дагы кошумчалады. Имрандын айтымында, ал окуя болгонго чейин жабырлануучудан балдары тууралуу сураган. Жабырлануучу 1 кызы бар экенин айткан. Имран жабырлануучуга баш кошууну жана кызына ата болуп берүүнү сунуштаган. Бирок жабырлануучу анын сунушун четке кагып, ага Имрандан акча гана керек экенин айткан. Окуя болгон күнү Имран жабырлануучу кыз менен телефон аркылуу байланышып, анын батирине кардары катары барган (кыз интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн). Ал кызга бычагын көрсөтүп, батирдин ичин текшерип жатканда жабырлануучу өзү кийимдерин чечкен. Андан соң алар 2 ирет жыныстык катнашта болуп, тамеки тартып, сүйлөшүп отурушкан. Имран жуунганы кеткенде кыз эшикке чыгып кеткен. Имран дагы эшикке чыккан учурда аны милиция кызматкерлери кармап кетишкен. Имран жабырлануучунун акчасын албаганын, жанында Кызыл-Кыя шаарында иштеп тапкан акчасы болгонун айтты. Ал жабырлануучу өз каалоосу менен жыныстык катнашта болгонун кошумчалап, соттон жеңил жаза берүүнү суранды.

Ал эми жабырлануучу кыз убактылуу жашап жаткан батирин 15 миң сомго алганын, интимдик кызмат көрсөтө турганын билдирди. Ал интимдик кызматы үчүн 1 кардардан 1,5 миң сом алып, интернетке өзүнүн чөнтөк телефонунун номурун калтырганын кошумчалады.

Кыздын айтымында, 2018-жылы Имран анын үйүнө кардар катары барып, тоноп кеткен. Ошол учурда жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылып, Имранга кылмыш иши козголуп, соттолгон. Ал эми ушул жылдын 20-июнь күнү Имран ага кайра кардары катары бет капчан, кара түстөгү көз айнек тагынып алып барган. Кыз аны тамашалап жатат деп ойлоп: «Ооруп жатасыңбы? Бет кабыңды чеч» деп айткан. Имран батирде алардан башка дагы ким бар экенин сурап, эч ким жок экенин уккандан кийин: «Мени тааныдыңбы? Сенден өч алганы келдим, азыр сени өлтүрөм» деп кызды бычагы менен коркутуп, уктоочу бөлмөгө алып барып чечинүүнү талап кылган. Жабырлануучу кыз Имран менен 2 ирет жыныстык катнашта болгондон кийин тааныш кыздардан акча таап берем деп айыпталуучуну алдап, көчөгө качып чыккан. Андан кийин такси жалдап милиция бөлүмүнө барган. Милиция кызматкерлери менен кайра батирине келип, айыпталуучу качып бара жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Окуя болгондон кийин кыз психикалык жактан жабыркаганын айтты.

Сот отурумунда күбө катары суралган таксист дагы жабырлануучу кызды милиция бөлүмүнө жеткиргенин тастыктады.

Жыйынтыгында Ош шаардык соту Имранды 162-берене боюнча (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу актады. Сот жабырлануучу кыз өз каалоосу менен жыныстык катнашка барган, ага карата зомбулук көрсөтүлгөн эмес деп тапты. Бирок Имран 202-берененин негизинде күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле 90 миң сом айып салынды.

22-июнь күнү Turmush басылмасы Ош шаарында 27 жаштагы жигит 24 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалганын жазган.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×