Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 19.09.2019 08:45 На русском

Таттыбүбүнүн тою жана Айтматовдун эсинен кетпеген отуруштагы 6 кыз: Шарипа апанын залкарлар менен өткөргөн күндөрү

Turmush -  Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Шарипа Исабекова 1933-жылы туулган. 1953-жылы кыз-келиндер педагогикалык институтун бүтүрүп, 15 жыл билим берүү тармагында эмгектенди.

Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

IMG_20190902_152705

«Турмушка чыккандан кийин жолдошум Качкын экөөбүз тең Ала-Бука, Кербенде иштедик. Анын кесиби да мугалим эле. Ал жактан Суусамырга которулуп, жолдошум ал өрөөндүн мектебинде 7 жыл директор болуп турду. Андан соң Чаек мектебинде иштедик. 1965-жылы биринчи секретарыбыз Карыбек Тыналиев ой-боюма койбой Жумгал районунун маданият бөлүмүнүн башчысы кылып дайындап койду. Ошол кызматта 1986-жылга чейин иштедим. Ыраматылык Шакин Эсенгулов экөөбүз Жумгал элдик театрын ачтык. Азыр ал театр мыкты театрлардын катарын толуктап келет. Андан кийин “Бекбекей” деген ансамблди ачып, ага да бир топ эмгек жумшадык. Бул ансамблибиздин бат эле атагы чыгып, Москвага 2-3 жолу бардык. Анын биринде айыл чарба көрсөтмөсүнө катышып, коло медалга ээ болдук. Ошону менен эле Латвия, Литвияга бардык. Вильнюс бүткүл союздук сынакта биринчи орунду алып, баарыбыз лауреат болдук. “Бекбекей” менен Германияга чейин гастролдодук. Анын акыбети менен 1986-жылы бир нече сыйлыктардын ээси болууга жетиштим. Азыркы Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиев, музыкалык окуу жайдын директору Тенти Мураталиев бизден тарбияланып чыккан балдар.

Биз иштеп турганда Куйручук атабыздын музейи ачылды. Бардык экспонат, материалдарды чогултуп, ичин толтурдук. Ортодо 1986-жылы Кинофикацияга директор болуп дайындалып иштеп жүрдүм. 1989-жылы Кожомкул балбандын музейин ачтык. Ал кишинин аялы менин атамдын карындашы болгон. Музейге бардык экспонаттарды чогулттук.

Атам уста киши эле, Кожомкул балбандын күмбөзүн атам салган. Андан соң мурунку министр Кундуз Чаловага улам кирип жатып, музыкалык мектепти ачтык. Ал Станкеевич деген мугалимди жиберип, жакшы иштеди. Кийин мектепке Ч.Дүйшееванын ысымы берилди. Аягында райондук Ш.Эсенгулов атындагы этнографиялык музейди ачтык. Ленинграддагы этнографиялык музейине барып, ал жерден көп буюм алып келдим. Ал жерде Кожомкулдун кийимдери бар. Кайра Кундуз Чаловага кирип, Чаек сейил багын түптөдүк. Канал казып, суу чыгардык. Россиянын Курск деген жерине барып, селкинчек, каруселдердин баарын поездге жүктөп алып келип, сейил бакка орнотуп ишке бергенбиз», - деди Исабекова.

Шарипа апа кийин 1986-жылы Кинофикацияга директор болуп дайындалат. Ал тармакта 1992-жылга чейин иштейт. Андан кийин райондук маданият бөлүмүндө методист болуп иштеп, 1993-жылы пенсияга чыгат. 1996-жылы райондук музейге илимий кызматкер катары орношуп, ал жерде 2012-жылга чейин эмгектенген. Кийин Чаек сейил багын түптөгөнү эске алынып, сейил бакка ысымы берилген.

Шарипа апанын айтымында, белгилүү актриса Таттыбүбү Турсунбаева анын көз алдында өскөн.

«Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылы Чаек айылында өрөөнгө таанымал комузчу, дастанчы, куудул адам Мырсаалы менен уз-чебер айым Калыйбүбүнүн үйүндө туулган. Беш бир туугандын арасында чоңойгон жалгыз кыз. Ноорузбай менен Турсунбай бир тууган. Турсунбай Таттыбүбүнүн чоң атасы, ал эми Ноорузбай болсо менин апамдын атасы. Биз тууган болуп кетебиз. Таттыбүбү менден 11 жаш кичүү болсо да, жолу улуу болуп мага таеже болот. Ал менин көз алдымда өстү. Далай жигиттердин көз артканын жакшы билем. Таттыбүбү айылга келди дегенде Чаек, өзгөчө жигиттер кадимкидей дуулдай түшчү. Таттыбүбүнүн эң улуу агасы Өткүлбек редакцияда көп жыл иштеди. Социал деген агасы атасын тартып комузду укмуш чертчү. 1967-жылы Кыргызстан боюнча комуз сынагында 1-орунду алган. Бирок ал жаш эле каза болуп калган. Ал эми Имамады деген агасы Ленинграддагы көркөм сүрөт окуу жайын бүткөн. Аны бирок Чокой деген таякебиз багып алган. Кийинчерээк ал дагы жаш кете берди, андан соң Таттыбүбү өзү кетти.

Агасы Нуркан Турсунбаев, Таттыбүбү, менин бир тууган бөлөм Сүйүнбек Бирназаровдор театралдык окуу жайда бирге окушкан. Имаш Эшимбеков дагы алар менен чогуу окуп, Таттыбүбү экөө 1966-жылы баш кошту. Ал экөөнүн тою Фрунзедеги Совет көчөсүндөгү туугандарынын үйүндө болду. Жалпы туугандар чогулуп, мен абышкам экөөбүз барып, жакшылыгына күбө болгонбуз. Тойго кел деп жиберген чакыруу баракчасын ушул күнгө чейин сактап жүрөм. Тилекке каршы Имаш экөө 10 жылдай эле чогуу жашашты. Анын ортосунда бир кыз, бир уулдуу болушту. Кызганычтын айынан ажырашып кетишти. Таттыбүбү балдарын өзү багып чоңойтту. Имаш көп өтпөй башка аял алып, Ош шаарына иштеп кетти. Ал аялдан бир кыздуу болгонун билем.

Таттыбүбүнүн кызы Аселди эл жакшы эле билет. Энесинин жолун жолдоп баштады эле, бирок кийин иштебей калды. Баласы Канат тиш доктурдун окуусун бүткөн», - деди ал.

Шарипа апа жазуучу Чыңгыз Айтматов менен дагы жакшы тааныш болгон.

«1947-жылы 7-классты бүтүп, кыз-келиндер окуу жайына бардык. Аны аяктагандан кийин баарыбызды ар кайсы мектептерге жиберишти. Мен Жумгалдагы Ак-Татыр мектебине 1-класстардын мугалими болуп кирдим. Жанагы окуу жай 2 жылдык институт болуп ачылгандан кийин кайра билим алууга бардык. 1953-жылы биз менен окуган Зина деген кыз көлдүк жигитке турмушка чыгып калды. Тою Совет көчөсүндөгү үйдө болду. Бирге окуган 6 кыз бардык. Көрсө ал бала менен Чыңгыз Айыл чарба институтунда бирге окушкан экен. Далылуу, кара каш, кара көз, узун бойлуу бала келип эле "менин атым Чыңгыз", бул тойду мен алып барам деп бизге өзүн тааныштырды. Эки жаштын тамагын ичтик, ырдадык, бийледик. Мен да ырдадым. Ошондо Чыңгыз "жакшы ырдайт экенсиң" деп мени далыга чаап койду. Балдар “эмне ичесиңер?” дегенде, биз кыздар "вино эле ичебиз” десек, алар виного арак кошуп бере беришиптир. Тойго саат 19:00дө барганбыз. Эртеси таңкы саат 06:00дө жатаканага бардык. Баарыбыз кызуубуз. Ошол алты кызды институттун жатаканасына Чыңгыз жана башка балдар жеткирип, жатакананын оозунда отурган кемпирге "апа, бул кыздарыңды өткөрүп ал, 6 кыз беле?” деп киргизип кетип калышты.

Чыңгыз менен биринчи жолу ошол тойдон таанышкам. Андан кийин институттан бизди жер-жерлерге мугалимдик кесипти аркалоого жиберишти. Мен Таластын Шекер айылына барып мугалим болдум. Шекер айылында дөңдүн үстүндө бир-эки эле түтүн болчу.

1986-жылы Жумгалда Кинофикациянын директору болуп иштеп калдым. Ошондо республикалык Кинофикациянын башкы директору Чыңгыз экен. Жыйналыш уюштуруп, аймактардан өкүлдөр бардык. Ошондо Чыңгызга жолугуп: “1953-жылы болгон тойдогу тамада сенсиңби? Мени, тойду эстедиңби?” десем, ал: "Ой, ал күндү кантип унутам. Салмагыңар сайдын ташындай экен. Силерди жатаканага көтөрүп киргизем деп 6 айга чейин колум ооруп жүрдү" деп күлүп калды. Сүйлөшүп отуруп калдык. Андан кийин Дуңганов деген кызматкерди чакырып: “Бул кызга жакшы-жакшы тасмаларды берип тур” деп дайындады. Жаңы тасмаларды алып турдук. Кийин анын арты менен облуста алдыңкы орундарды алдык. Бир унаага ээ болдук. Мен кетип жатканда аны “жакшы иштегенсиз” деп тапшырышты.

Таттыбүбү айылга келип, бир нече күн жүрүп калган кезде Чыңгыз Айтматов менин иш бөлмөмдөгү телефонго эки-үч ирет чалып, Таттыбүбүнү сураганы эсимде. Бир жолу Таттыбүбү “Айтматов телефон чалат” деп менин иш бөлмөмдө отурду. Ошол күнү Ак-Талаада оюн коймок экен. Убактысы келип чыгып кетти. Көп өтпөй эле Айтматов телефон чалып калды. Мен “сизди күтүп отуруп, Ак-Талаага кетишти” деп жооп бердим. Экөөбүз бир аз ал-жайды сураштык. Ошону менен байланышкан жокпуз. Чыңгызды андан кийин ооруканадан көрдүм. Ал жакта Бүбүсара Бейшеналиева жаткан экен. Столдо китеп окуп отуруптур. Бейшеналиева, андан кийин жолдошум каза болду. Ошону менен Жумгалга келдик. Андан кийин Чыңгызды жолуктурган жокмун», - деди ал.

Баш-аягы маданият тармагында 47 жыл эмгектенген Шарипа Исабекова 2003-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын алган. Бир уул, 1 кыз, 6 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×