Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 19.09.2019 10:02 На русском

Ак-Талаанын Турук көмүр кениндеги талашка түшкөн жалгыз жол

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл аймагындагы Турук көмүр кенинде 2019-2020-жылдардын кыш мезгилине карата элди жана бюджеттик мекеме-ишканаларды көмүр отуну менен камсыздоо боюнча көчмө штаб өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

17-сентябрь күнү өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Ак-Талаа районуна иш сапары менен келип, аталган көмүр кенинде көчмө штаб уюштурулган. Ага район акимдери, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, Ак-Чий айылдык кеңештин депутаттары жана көмүр казган ишканалардын жетекчилери катышты.

Алгач штабга чогулгандар карьердин үстүнө чыгып, көмүр казуу иштери менен таанышты. Андан соң, штабда эки тараптуу сүйлөшүүлөр, элди жана бюджеттик мекеме-ишканаларды көмүр отуну менен камсыздоо маселелери талкууланды. Ошондой эле көмүр кениндеги бир катар көйгөйлөр, талаш-тартыш маселелер ортого салынды.

Эң негизги көйгөй — көмүр казып жаткан ишканалардын ортосунда карьерге чыга турчу жалгыз жол талашка түшүп, ал жолду «Сардар» ишканасы башка ишканалардын пайдалануусуна бербей, натыйжада көмүр берүүгө даяр болуп калган ишканалар көмүрдү кетире албай жаткандыгы айтылды. «Сардар» ЖЧКсынын директору Камчыбек Жолдошбаев жалгыз жолду кен ачылганда өзү салдырганын, ал эми кендин аркы тарабында «Кенч Строй» ишканасы тарабынан дагы бир жол курулуп келе жатып токтоп калганын, башка ишканалар биригип, ошол жолду салып алышса боло турганын айтты.

«Ал жол салынып калса, талашка түшүп жаткан жол аркылуу көмүр таркан унаалар карьерге чыгат. Көмүрүн жүктөп алып, аркы жол менен айланып түшүп кетишмек», - деди ал.

Ал эми «Ырыс Кен» жана «Кенч Строй» ишканасынын директору Нурмухаммед Миңбаев аталган жолду салууга быйыл кеч болуп калганын, кийинки жылы кура турганын билдирип, быйыл элге эртелеп көмүр жеткирүү зарыл экенин белгилеп өттү.

Андан сырткары облус башчысы Э.Алымкулов көмүр тартуу иштери 1 айга кечеңдеп калганын, күн сууктап, кар жаап жиберсе Турук көмүр кени жабылып каларын, учурда убакыт абдан тар экенин, урушпай-талашпай ынтымакта гана көйгөйлөрдү чечип, көмүр тартуу иштерин эртелетүү зарылдыгын айтты. Ошондой эле ишканаларды салыктарын, соцпакеттерин өз убагында төлөп турууга чакырды. Тартип жагын кароо үчүн 10 милиция кызматкери жана салык инспектору боло турганын белгилеп өттү.

Ал эми Ак-Чий айылдык кеңештин депутаттары кенге жеткирген Жаман-Даван жолун оңдоо, ал жолго шагыл төгүп, бир жол менен каттам жүргүзүү керектигин, антпесе жайыт жерлер жолго айланып калганын, көмүр тарткан айдоочулар жолдун начардыгынан улам кыйналып жатканын билдиришти.

Мындан тышкары, соцпакеттерди өз убагында төлөп берүүнү көмүр казган ишканалардан талап кылышып, «Сардар» ишканасы лицензия ала электе эле аталган жол менен бир нече жолу көмүр тартылганын айтып чыгышты.

Тазалоо иштерин аткарып жаткан ишканалар 15 күндөн кийин көмүр тартыла турганын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×