Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуАлай району 25.09.2019 08:17

Кореялык турист Алайдын жашоочуларына өз каражатынан таза суу чыгартып берүүдө. Видео

Алай району
Алай району

Turmush -  Алай районунун Сары-Могол айылында кореялык турист жергиликтүү тургундарга таза суу чыгарып берүүдө. Бул тууралуу туристтик компаниянын Ош шаарындагы өкүлү Талант Токсонбаев билдирди.

3 жыл мурун Сары-Могол айылына саякаттап келген кореялык турист быйыл да аталган айылга келип, таза суу маселесин чечүү максатында акча бөлүп берген. Талант Токсонбаевдин айтымында, кореялык туристтин демилгесине Жогорку Кеңештин депутаты дагы көмөктөшүүдө. Учурда суу сактоочу кампа курулуп жатат. Андан 2 км алыстыкта сууну тазалоочу жай курулуп, ал жерден суу кампага келип, андан ары суу түтүктөрү аркылуу айылга тарайт.

Ал эми жергиликтүү тургундар ашар жолу менен суу сактоочу кампанын курулушун башташкан. Бирок долбоор көп каражатты талап кылгандыктан каржы маселеси тартыш болууда. Жергиликтүүлөр демөөрчүлөрдү издеп жатышат. Кореялык турист буга чейин 8 млн сом бөлүп берген. Сары-Могол айылынын тургундары өздөрү дагы акча топтоп, курулуш иштерин улантып жатышат. ЖКнын депутаты тарабынан 1 экскаватор, 4 тонна арматура жана 400 миң сом акчалай жардам берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×