Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 25.09.2019 13:27

«Сүйлөшкөн жигити бар беле?»: Дайынсыз жоголгон Нурдананы издөө үчүн Россиядан апасы келди

Turmush -  Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылындагы М.Разаков атындагы жатак мектептен 12-сентябрда чыгып кеткен 15 жаштагы Нурдана Райымжанова бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз. Апасы Миясархан Байбубаеванын айтымында, кызынын дайынсыз жоголгонуна 13 күн болсо да тарбиячылар милиция кызматкерлери тарабынан эми гана суралып жатат.

Буга чейин Миясархан Байбубаева Кыргызстанга 18-сентябрда учуп келерин айткан.

«Россиядан келгенден бери өзүм чуркап жүрөм. Туруктуу жашаган жерим деле жок, ижарага батир алып жашап жатам. Интернатта окуган досторунан "сүйлөшкөн жигити бар беле, силерге бир нерсе айттыбы?" деп сурасам, шылдыңдагансып күлүшөт, башка жооп жок. Балдарымдын айтымында, мугалимдер окуучуларды үйлөрүнө алып барып жумуш жасатышат экен. Ошол күнү кызым баштык көтөрүп бара жатса, сиңдиси кайда баратканын сураптыр. Мугалиминин үйүнө бара жатканын айтыптыр. Башкалар чөнтөк телефон көтөрүп эле жүрүшөт экен, бирок кызымдын телефонун алып коюшуптур. Жүрүм-туруму деле бир калыпта, жакшы окуган кыз болчу. Эмне үчүн тарбиячылары көзөмөлдөбөйт же жоголгондугу тууралуу дароо милицияга кабарлашпайт? Жоголгонуна 11 күн болгондо гана өзүм сурагыла деп суратып жатам. Милиция кызматкерлери кызымдын сүрөттөрүн айылдын айрым жерлерине илишиптир. Ош, Жалал-Абад, Өзгөн, Кара-Суунун кээ бир жерлерине кызымдын сүрөтүн өзүм илип чыктым», - дейт апасы Миясархан Байбубаева.

Ал эми мектеп-интернаттын директору Токтаалы Айтыкурмановдун айтымында, кыз сиңдисине таякесиникине кеткенин билдирген.

«Бизге 2014-жылы 4 бир тууган келген. Мектепте бардык шарттар бар, класстар да заманбап жасалган. Апасы айтып жаткандай тарбиячылар кызды үйүнө алып барып иштеткен эмес, эгер жумуш жасатканын далилдеп берсе, ошол мугалимди дароо жумуштан алам. Бир гана Нурдананын эмес, анын классындагы 19 окуучунун ичинен жетөөсүнүн телефонун алып коюшкан. Себеби окууга жолтоо болот. Класстарга интернет улаштырылып, телефон колдонууга зарылчылык жок деп ойлогонбуз. Мен эмгек өргүүгө чыкканыма карабай жумушка келип жаткам. 13-14-сентябрь күндөрү жеке иштерим менен жүргөм, ал күндөр дем алыш болчу. Нурдана 13-сентябрь күнү сабактары бүткөндөн кийин башын жууп, жасанып алып чыгып кеткен. Алдынан сиңдиси чыкканда колундагы баштыкты көрсөтүп, таякесиникине бара жатканын айткан. Ал эми жолдон иниси чыкканда таштанды таштаганы бара жатканын билдирген. Кечки тамактануу учурунда Нурдананы таппай калышып, дароо издеп башташкан. Дөң-Булакка таятасынын үйүнө барышкан. Тарбиячылар 2 күн издесек табылып калар деп мага 15-сентябрь күнү гана кабарлашкан. Ошондон бери түндө жаштар чогулган жерлерге чейин барып издеп жатабыз. Мугалимдер урушпаса, жаңжал болбосо... Апасын түшүнүп, айыптоолорун унчукпай угуп жатабыз», - дейт Токтаалы Айтыкурманов.

Буга чейин Turmush басылмасы 15 жаштагы Нурдана Райымжанова дайынсыз жоголгонун жазган. Ал 9-класстын окуучусу.

Ош ОИИБдин маалыматына караганда, 15 жаштагы кыз жатак мектепте окугандыктан мектепте телефон колдонууга уруксат берилген эмес. Ошондуктан бир тууган эжеси телефонун алып койсо, таарынып чыгып кеткен.

Нурдананы көргөн-билгендер болсо 0554 545 271 (ата-энеси) телефон номуру же 102 кызматы аркылуу байланышса болот.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×