Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуНоокат району 25.09.2019 09:54 На русском

Ноокатта милиция кызматкерлерине унаа сатып беришти (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтү аймактык тескөөчүлөргө автоунаа тапшырды. Бул тууралуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Марипов билдирди.

23-сентябрь күнү Бакытбек Марипов аймактык тескөөчүлөргө «ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү жеңил унаа тапшырды. Унаа жергиликтүү бюджеттин эсебинен кылмыштуулукту алдын алуу, түнкү рейддерди жүргүзүү, кылмыш катталган жерге өз убагында жетүү максатында алынып берилген.

«Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө 3 аймактык милиция кызматкери, 1 өспүрүмдөр менен иштөө инспектору эмгектенет. Алар буга чейин кызматтык автоунаанын жоктугунан кылмыш катталган жерге жеке автоунаалары менен же болбосо жөө барууга мажбур болушкан. Мындан ары аймактык тескөөчүлөрдү кызматтык автоунаа менен айыл өкмөт өзү камсыздап турат», - деди Бакытбек Марипов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×