Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуАлай району 25.09.2019 12:18 На русском

«Жуунтарда колубузга жип байлашчу»: Ата-энеси айырмалай албай, директорду кыйнаган алайлык эгиз кыздар. Сүрөт

Батма жана Зуура
Батма жана Зуура

Turmush -  18 жаштагы эгиз кыздар Батма менен Зуура Алай районунун Корул айылынын тургундары. Алардын апасы эгиз төрөлөрүн билген эмес. Кыздарды азыркыга чейин ата-энеси дагы айырмалай албай калышат. Эгиз кыздар менен аймактык кабарчы таанышты.

Эгиз кыздардын кызыктуу окуялары

«Апам айтып калат, кичинекей кезибизде адашып бирөөбүзгө кайра-кайра тамак беришсе, экинчибиз ачка калчу экенбиз. Жуунтарда колубузга белги кылып жип байлап коюшчу экен. Кээде аттарыбыз дагы алмашып калчу. Батма 9-классты бүтүп колледжге тапшырган, мен учурда немис тилин үйрөнүп жатам. Көчөдө бирөөбүз бара жатсак азырга чейин айылдаштар, туугандар Батма, Зуура деп эки ысымды айтып чакырышат, себеби бизди айырмалай алышпайт. Мектепте жакшы окугандыктан ардак тактада экөөбүздүн тең сүрөтүбүз илинип турса, бир кыздын эки сүрөтү илинип калыптыр деп таң калгандар дагы болуптур. Мугалимдерибиз дагы айырмалай алышчу эмес. Мектептин директору кыйналгандыктан атыбыз жазылган бейджик тагынууну суранган.

Бир жолу мен ооруп калганда мектепке комиссия келет деп, Батма кийимимди кийип алып менин ордума сабакка барып келген. Дагы бир күнү Батма шаардан (Ош) келип, сыртта жүргөн. Мен чай ичип отурсам, атам кирип келип “колледжде окууларың кандай болуп жатат?” деп сурап калды. Мен да сыр бербей “жакшы” деп жооп берип койдум, анан кайра “ата, мен Зуурамын” дедим. Азыр мени Батманын шаардагы тааныштары көрсө дароо саламдашып, сүйлөшүп башташат. Кээде Зуурамын деп айтсам, кээде алардын сөзүн угуп коём. Жакында Батма жоолук салынды, эми тааныштары мени көрүшсө "жоолугуңду чечип койдуңбу?" деп сурап жатышат», - дейт Зуура.

Кыздардын айтымында, алардын келбети окшош болгону менен, мүнөздөрү ар башка.

«Батма экөөбүздүн табитибиз ар башка. Кийим алып жатканда окшош алалы дейбиз, бирок Батмага жаккан кийим мага жакпайт, мага жакканы ага жакпайт. Башка эгиздердин бирөөсү ооруганда шериги дагы ооруп калат, бизде андай эмес. Кичинекей кезибизде бири-бирибизге тез таарынып, урушуп калчубуз. Азыр болсо сырдашып, бири-бирибизди колдоп турабыз. Бизди досторубуз мүнөзүбүздөн гана айырмалай алышат. Менин кабагым ачылбайт, кээде гана күлөм. Батма болсо назик, анан дайыма күлүп жүрөт», - дейт Зуура.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×