Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 26.09.2019 09:45 На русском

Ак алтындын баасы жогорулайбы? Кара-суулук дыйкан пахтанын пайдасы тууралуу. Видео

Turmush -  Кара-Суу районунда дыйкандар быйыл пахтанын баасы өткөн жылга салыштырмалуу жогору болорун божомолдоп жатышат. Бул тууралуу Кара-Суу районунун Каарман айылынын тургуну Маматазиз Топчубаев билдирди.

Ал быйыл 3 гектар жерге пахта өстүргөн. Өткөн жылы 1 кг пахтаны талаадан 46 сомдон саткан. Дыйкандын айтымында, пахтанын түйшүгүнө караганда пайдасы көбүрөөк. Пахта иштеткен ишканалар менен келишим түзүп, андан май, жем алса болорун кошумчалады.

«Пахта өстүрүп жатканыма 3 жылдын жүзү болду. Мурун башка дан эгиндерин өстүрчүмүн. Ортодон Казакстанга да барып иштеп келдим. Алгач ашкабак өстүргөм. Андан жакшы эле пайда көрдүм. Быйыл шеригим менен бирге пахта эктик. Түшүмдүн 30 пайызын мен, 70 пайызын ал алат. Анткени шеригим пахтанын үрөнүн алып, башка жумуштарды бүтүрдү. Мен техника, сугат маселелерин чечем», - деди М.Топчубаев.

Дыйкан быйыл пахта терүү иштерин бир аз кеч баштаганын билдирди.

«Буюрса быйыл көбүрөөк түшүм алабыз деп жатабыз. Азыр пахтанын көбү гүлдөй элек. Гүлдөгөндөн кийин талаа ак түскө боёлот. Бул дагы адамга өзгөчө ырахат тартуулайт. Быйыл пахта терүү мезгили бир аз кечеңдеди. Анткени дарыны көбүрөөк чачып коюптурбуз. Пахта терилип жатканда талааны адам аралап өткөндөн кийин пахтанын арасына аба кирип, калгандары да ачыла баштайт», - дейт дыйкан.

Пахтанын сабагын дыйкандар отун катары сатышат. Былтыр анын бир боосу 30 сомдон сатылган.

«Быйыл дагы пахтанын сабагын саталы деп жатабыз. 1 гектар жерден 3 тонна 700 кг пахта алса болот. Ошондо биз 3 гектар жерден 8,5 тоннадан ашык пахта алабыз деп жатабыз. Былтыр мен түшүмдүн 30 пайызын алып, 300 миң сом киреше тапкам», - деди М.Топчубаев.

Кара-Суу районунда жалпы 7 миң 620 гектар жерге пахта эгилген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 515 гектарга көп.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×