Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 26.09.2019 11:43 На русском

Өзгөндө милиция бөлүмүнүн жаңы имаратына улук лейтенант үй-бүлөсү менен жайгаштырылды. Сүрөт

Turmush -  Өзгөн районунун Ийри-Суу айылында милиция кызматкерлери үчүн өздөрү тейлеген аймакта туруктуу жашап, кызмат өтөөгө шарттар түзүлдү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

24-сентябрь күнү Ийри-Суу айылындагы аймактык милиция бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү. Имаратта жарандарды кабыл алуу бөлмөсү жана милиция кызматкери жашаганга 2 бөлмө бар. Ал 2 бөлмөгө милициянын улук лейтенанты Чыңгыз Өмүралиев үй-бүлөсү менен жайгаштырылды. Ч.Өмүралиев 3 баланын атасы.

Аталган демилге Ош ОИИБ тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлордун бири болуп саналат. Салтанаттуу иш-чарага Ош РИИБдин жетекчиси Мурат Нурдинов, Өзгөн районунун акиминин орун басары Болот Дыйканбаев, Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Акболуш Тиленбаев жана жергиликтүү тургундар, милициянын ардагерлери катышты. Аталган имарат Өзгөн РИИБдин өздүк курамы, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте ашар жолу менен бүткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×