Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 27.09.2019 12:17

Кара-Сууда мас айдоочу башкарган унаа оодарылып кетти

Turmush -  Кара-Суу районунда айдоочу мас абалда унаасын башкарып бара жатып, оодарылып кетти. Бул кабарды Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалым болгондой, 25-сентябрь күнү саат 21:00 чамасында Кара-Суу районунун Папан айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылында 1986-жылы туулган Н.Э. «Дэу Матиз » автоунаасын мас абалында башкарып бара жаткан. Ошол маалда жолдон рулга ээ боло албай, жол четине чыгып, унаа оодарылып кеткен. Анын кесепетинен Н.Э. денесинен алган жараатынан улам, Ош шаардык ооруканасына жеткирилген.

Аталган кырсык боюнча Кара-Суу РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×