Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 27.09.2019 12:49

Кара-Сууда жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп кетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районунда жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп кетти. Бул кабарды Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалым болгондой, 25-сентябрда саат 21:45 чамасында Кара-Суу шаарынын Отуз-Адыр көчөсүндө Сарай айыл өкмөтүнүн 1962-жылы туулган тургуну О.Ш. «Мерседес-Бенц» автоунаасын түштүктөн түндүктү карай башкарып бара жатып, батыш тараптан чыгыш тарапка өтүп бараткан жөө жүргүнчү коюп кеткен. 1964-жылы туулган А.А. кырсыктан алган жараатынан улам Кара-Суу райондук аймактык ооруканасына жеткирилген.

Аталган кырсык боюнча Кара-Суу РИИБ тарабынан тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×