Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуНоокат району 27.09.2019 16:02 На русском

Ноокат аймактык ооруканасына реаномобиль белекке берилди (сүрөт)

Turmush -  Ноокат аймактык ооруканасына жеке ишкер тарабынан бардык жабдыктары менен 1 млн 200 миң сомдук реаномобиль белекке берилди. Бул тууралуу Ноокат аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Асамидин Марипов билдирди.

Жеке ишкер тез жардам унаасын 24-сентябрь күнү тапшырган.

«Буга чейин бейтаптарды Ноокат аймактык ооруканасынан Ош облустук клиникалык ооруканасына, облустук балдар ооруканасына жана облустук төрөт үйүнө жеткирүү көйгөйлүү болчу. Айрыкча кош бойлуу аялдарды жеткирүү чоң маселе жаратып келген. Мындай демилге саламаттыкты сактоо багытында инвестиция тартуунун бир жолу. Жакында демөөрчүнүн жардамы менен томографиялык жабдыктын келиши күтүлүүдө», - дейт дарыгер Асамидин Марипов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×