Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуНоокат району 28.09.2019 10:12

Ноокатта ашар жолу менен курулган спорт зал пайдаланууга берилди (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун Т.Зулпуев айыл өкмөтүндө ашар жолу менен мектептин спорт залы курулду. Бул тууралуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Калдай айылындагы Майсалбек Амиралиев атындагы орто мектебинин спорт залы учурда пайдаланууга берилди. Мектептин имараты 1987-жылы окуучулар үчүн эс алуу борбору катары курулуп, 1991-жылы орто мектеп үчүн берилген. Учурда мектепте 190 окуучу окуйт.

Спорт зал айыл тургундары жана жеке ишкер тарабынан курулган. Анын узундугу 24 м, туурасы 12 м, бийиктиги 10 метрди түзөт. Спорт залдын курулушу 20-сентябрь күнү бүткөрүлгөн.

Айыл өкмөт башчынын убактылуу орун басары Эрмат Султановдун айтымында, спорт залды курууга 5 ай убакыт кеткен.

«Биздин айыл өкмөттө жалпы 9 мектеп бар. Алардын ичинен 2 мектепте спорт зал көйгөй жаратып келген. Эми бир мектептин маселеси чечилди. Дагы бир мектепке спорт зал курууга аракеттер көрүлүп жатат», - деди Э.Султанов.

Андан сырткары демөөрчүлөр тарабынан айылдын 2,5 км жолуна асфальт төшөлүп, шагыл төгүлдү.

Калдай айылында 2 миң 500 түтүн жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×