Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 30.09.2019 17:47 На русском

Кара-Сууда «жөргөмүш адам» пайда болду деген маалымат тарады. ОИИБдин жообу

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Соңку жумада WhatsApp социалдык тармагы аркылуу «Сталинде (Кара-Суу районундагы айыл) бир адам кутурма оорусу менен ооруп, жергиликтүү тургундарга уйку бербей жатат. Жашоочулар анын артынан кубалап жетпей калышат экен. Ал адам 2019-жылдын "Жөргөмүш адамы" болуп калыптыр» деген жазуусу бар видео тараган. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын кесепетинен жергиликтүү тургундар тынчсызданып башташкан. Аталган факт боюнча Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери Нурдар (мурдагы Сталин) айылында текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө Нариман айылынын 2001-жылы туулган тургуну К.З. (студент жигит) чогуу окуган тааныш кызы менен тамаша катары аудио жаздырышып, WhatsApp аркылуу таратышканы аныкталган. Андан кийин аудиого белгисиз адамдар тарабынан видео кошулуп, таратылган.

27-сентябрь күнү Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери Нариман айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айыл башчылары менен бирге Нурдар айылынын тургундары менен аталган окуя боюнча элдик жыйын өткөрүшкөн. Жыйында тарап жаткан маалыматтардын чындыкка дал келбестигиайтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×