Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуНоокат району 01.10.2019 14:44 На русском

Ноокатта 2 унаа кагышып, айдоочу каза болду (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунда 2 автоунаа кагышып, 58 жаштагы айдоочу каза болду. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Кечээ, 30-сентябрь күнү саат 14:00 чамасында Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнүн Додон айылында Нариман айыл өкмөтүнүн Улуу-Тоо айылынын 1997-жылы туулган тургуну А.у.С. өзүнүн «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасын Кызыл-Кыя шаарынан башкарып бара жатып, каршы тилкеге чыгып кеткен. Анын кесепетинен Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Сарыканды айылынын 1961-жылы туулган тургуну А.А. башкарып жүргөн «ДЭУ Нексия» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. «ДЭУ Нексия» унаасынын айдоочусу Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилип, бирок эс-учуна келбей каза болгон.

Аталган кырсык боюнча Ноокат РИИБ тарабынан тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×