Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 01.10.2019 15:45

Кара-Сууда тургундар бир нече күн күйүүчү май аралашкан суу ичишкенин айтышууда. Адистин жообу

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районунда жашоочулар бир нече күн күйүүчү май аралашкан суу ичишкенин аймактык кабарчыга билдиришти.

Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Баш-Булак айылынын айрым жашоочулары бир нече күн күйүүчү май аралашкан суу ичишкенин айтышууда. Ал эми Мамэкотехинспекциянын Кара-Суу району боюнча аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Рысбек Юсупов булакка жакын жайгашкан май куюучу жайдын күйүүчү май сактоочу кампасы жарылып кеткенин билдирди.

«Тургундар колдонгон булактан 50-100 метр алыста май куюучу жай бар. Анын кампасынын бир түтүгү жарылып кетип, күйүүчү май жерге сиңип, булак суусуна кошулуп калган. Бүгүнкү күндө аталган май куюучу жай жабылды. Эми анын ээси 3,5 миң сомдон 23 миң сомго чейин айып пул төлөшү мүмкүн», - деди Р.Юсупов.

Баш-Булак айылындагы жабылган май куюучу жай

запрв98

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×