Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 01.10.2019 16:24

Кара-Сууда мамлекеттик тилди мыкты билген жетекчилер аныкталды

Turmush -  Кара-Суу районунда жергиликтүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин арасында өткөрүлгөн кыргыз тили боюнча сынак жыйынтыкталды. Бул тууралуу Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Кечээ, 30-сентябрь күнү Кара-Суу районунда мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата «Кыл чайнап кылым өтсө да, кыргыз тил барда кыргыз бар» аталышындагы маданий иш-чара уюштурулуп, концерттик программа тартууланды. Ошондой эле буга чейин жарыяланган жетекчилер арасындагы кыргыз тили боюнча сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Сынакта 1-орунду Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын каржы бөлүмүнүн башчысы Керим Тагаев, 2-орунду кургак учук ооруканасынын башкы дарыгери Арзыкан Мамасалиева, 3-орунду Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын айыл чарба департаментинин башчысы Кубаныч Мамедов алышты.

Мындан сырткары райондогу маданият үйлөрү арасында «Мыкты бешик ыры», «Мыкты макалчы», китепканалар арасында «Мыкты тил бурчу», «Мыкты чыгармачыл китепкана» аталышындагы кароо-сынактардын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө диплом жана баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×