Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуАлай району 02.10.2019 19:33

Алайда Карылар күнү 700 карыянын катышуусунда белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Алай районунда Карылар күнү 700 карыянын катышуусунда белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Майрамдык иш-чара Алай районундагы маданият үйүндө өттү. Ал жерде чогулган адамдардын саны 1000ден ашкан. Салтанатка Жогорку Кенештин депутаты Улан Примов жана Алай районунун акими Замирбек Молдокулов дагы катышты.

Иш-чараны Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Болбур уулу ачты. Салтанат концерттик программа менен уланып, 700 карыяга демөөрчүлөр тарабынан азык-түлүктөр тапшырылды.

Иш-чарага келе албай калган кары адамдарга Алтынбек Болбур уулу жана аким Замирбек Молдокулов үйлөрүнө барып, кабар алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×