Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Кара-Суу 02.10.2019 21:00

Кара-Сууда жаштардын кеңеши түзүлдү. Шаардагы өзгөрүүлөр (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу шаарында мэрдин тапшырмасы менен бир катар иштер аткарылды. Бул тууралуу мэриянын кызматкери Ильяз Маматкаримов билдирди.

Анын айтымында, Кара-Суу шаарында мэр Кутугали Козубаевдин тапшырмасы менен шаардагы бала бакчага от казан орнотулуп, борбордук базардын жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тарабына темир тосмолор орнотулду.

«2019-2020-жылдагы күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү үчүн Кара-Суу шаарындагы "Мээрим" бала бакчасына от казан курулду. Ага республикалык бюджеттен 1 млн 95 миң 500 сом бөлүнсө, мэриянын бюджетинен 1 млн 535 миң 300 сом бөлүнгөн. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында "Туратали" базарындагы жолдун боюна тосмолор орнотулган. Анын курулушуна жергиликтүү бюджеттен акча сарпталган», -деди И.Маматкаримов.

Ал мэриянын кызматкерлери «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» долбоорунун алкагында жаштар менен жолугуп, алардын оюн угушканын кошумчалады. Жолугушуу суроо-жооп иретинде өткөн. Анын жыйынтыгында мэрия тарабынан иш пландар бекитилип, айтылган сунуштарды ишке ашыруу максатында мэриянын алдында жаштардын консультативдик кеңеши түзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×