Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуАлай району 04.10.2019 16:11

Алайда аксакалдар соту чырдуу маселелерди кайрадан колго алат

Алай району
Алай району

Turmush -  Алай районунда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын алдында түзүлгөн аксакалдар сотунун ишин кайра жандандыруу маселеси каралды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Атайын уюштурулган жыйында тургундардын ортосундагы талаш-тартыштардын санын азайтуу, жарандык маселелерди чечүүдө аксакалдар соту тарабынан усулдук жардам көрсөтүү суроолору талкууланды. Иш-чарага Ош облустук сотунун төрагасынын жарандык иштер боюнча орун басары Элнара Мадмарова, облустук соттун судьялары Абдумалик Акматов, Мирзат Авазов, Алай райондук сотунун судьясы Орозматов Уланбек жана Алай райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Аданбай уулу Нурбек катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жер талашы, үй-бүлөдөгү чыр-чатактар боюнча маселелерди чечүүдө аксакалдар сотунун орду айтылды. Эми чечилбей келген көйгөйлөрдү аксакалдар сотунун катышуусу менен чечүү күтүлүүдө. Маселелер чечилбесе, иш укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Жыйындын соңунда буга чейин мыкты эмгектенген аксакалдар сотунун өкүлдөрүнө ардак грамоталар тапшырылды.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×