Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуНоокат району 04.10.2019 17:33 На русском

Эс алуучу жайдын талашка түшкөн жери: Ноокаттагы айыл өкмөт Россиянын жараны менен соттошууда. Видео

Turmush -  Ноокат районундагы «Сахаба» эс алуу жайынын 1,61 га жери Россиянын жаранына берилип кетти. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы, айрым тургундары жана айылдык кеңештин депутаттары билдиришти.

Алардын айтымында, жерди Россиянын жаранына берүү боюнча облустук сот чечим чыгарган.

Сөз «Сахаба» эс алуучу жайында жайгашкан 5 чайкананын жери тууралуу болуп жатат. 5 чайкана жеке жакка сатылган. Кийин «Сахаба» эс алуучу жайынын жери мамлекеттик Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондуна өткөрүлгөн. 5 чайкананын жери дагы аталган фондго өткөн, бирок чайкананын имараты (инвентарь) жеке менчикте калып калган. Облустук сот ошол чайканалар жайгашкан 1,61 гектар жерди Россиянын жаранына өткөрүп берүү жөнүндө чечим чыгарган. Бирок айыл өкмөттүн өкүлдөрү 1,61 гектар жер кайра бөлүштүрүү фондуна тиешелүү деп эсептешет.

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн юристи Абдыгапар Хажимаматов облустук сотуна нааразы экенин билдирди.

«Сахаба» “Маданият” колхозунун эс алуучу жайы болгон. Кийин “Маданият” колхозу Жаңы-Ноокат, Кызыл-Тейит, Маданият, Сахаба деген төрт колхозго бөлүнгөн. Жер реформасы жүргүзүлгөндө “Сахаба” эс алуу жайы "Сахаба жана Маданият колхозуна берилген. Анан “Сахаба” жана “Маданият” колхозу аталган эс алуучу жайдагы 5 чайкананы жеке жактарга сатышкан. Ал эми эс алуучу жайдын 16,8 гектары Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондуна убактылуу түзүлгөн комитеттин жана райондук мамлекеттик администрациянын протоколдорунун негизинде өткөрүлүп берилген. Анын ичине чайкананын жери дагы кирет, бирок чайкананын имараттары (инвентарь) жеке менчикте калган. 2008-жылы айылдык кеңештин депуттарынын сессиясында “Келечек” планында жерлердин картасы көрсөтүлгөн. Ошол картада учурда талаш жаратып жаткан 1,61 гектар жер 1011 контурунда кайра бөлүштүрүү фондунун жери деп көрсөтүлгөн», - дейт Абдыгапар Хажимаматов.

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жактоочусу Улукбек Бакыев Ош облустук соту чечимин мыйзамдарды бузуу менен чыгарганын, учурда Жогорку Сотко даттануу келтиришкенин билдирди.

«Жерди сатып алган жаран 1996-жылдан бери айыл өкмөт менен келишим түзүп, 5 чайкананы ижарага алып иштетип келген. Өзү Россиянын жараны экенине карабастан, ишеним каттын (доверенность) негизинде соттошуп жатат. Буга чейин Ноокат райондук соту россиялык жарандын доо арызын канааттандырган. Бирок Ноокат райондук прокуратурасы облустук сотуна даттанып, 2013-жылы Ош облустук соту райондук соттун чечимин жокко чыгарган. Ошол чечимдин негизинде айыл өкмөт чайкананын жерлерин дароо менчигине өткөрүп алмак. Бирок айыл өкмөт ага кызыктар эмес болчу.

Ушул жылдын 24-сентябрында Ош облустук соту мыйзамдарды бузуу менен кайра чечим чыгарып койду. Жер кодексинин 13-17-20-21-беренелерине ылайык жер берүүгө жергиликтүү бийлик, райондук мамлекеттик администрациясы, өкмөт жана Жогорку Кеңеш гана укуктуу. Бул жерде сот түз болбосо дагы мамлекеттик каттоо башкармалыгына жер россиялык жаранга катталсын деген чечим чыгарды», - дейт жактоочу Улукбек Бакыев.

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургуну Мамажон Сатыбалдиевдин айтымында, Россиянын жараны делген адам үй-бүлө мүчөлөрү менен Россиянын жарандыгын алышкан, өзү Кыргызстанда туулуп, өскөн.

Ош облустук сотунан маалыматты тактап анан беришерин айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×