Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуНоокат району 05.10.2019 13:56 На русском

Ноокатта премьердин катышуусунда мектеп менен бала бакча пайдаланууга берилди

Turmush -  Ноокат районунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда мектеп жана бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ноокат райондук мамадминистрациядан билдиришти.

Бүгүн, 5-октябрда Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылында 100 орундуу бала бакча жана Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Ак-Булак айылында 320 орундуу мектеп пайдаланууга берилген.

«Келечек-Нуру» бала бакчасы 2 кабаттуу болуп курулуп, 100 орунга ылайыкташкан. Бала бакчанынын курулушу 2017-жылдын июнь айында башталган. Мамлекеттик бюджеттен 37 млн сом бөлүнгөн.

Ал эми Саты Токторов атындагы мектептин 320 орунга ылайыкташкан жаңы имаратынын курулушу 2016-жылдын октябрь айында башталган. Мектептин сметалык баасы 33 млн сомду түзгөн. Эски имараты 1979-жылы ишке берилип, жараксыз абалга келген. Учурда мектепте 1 миң 64 бала билим алууда.

Ошону менен катар Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Борко айылынын Калы Коконбаев көчөсүнө асфальт төшөө иштери жүргүзүлгөн. Жолдун жалпы узундугу — 1 км 50 метр. Асфальт төшөө иштеринин жалпы сметалык баасы 5 млн сомду түзүп, республикалык бюджеттин каржылоосунда Ноокат жол тейлөө ишканасы тарабынан оңдолгон.

Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосунда айылдарды таза суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү боюнча «Ала-Тоо булагы» программасынын алкагында «Кыргыз-Ата булагы» чакан долбоору ишке ашырылган. Анын алкагында Кыргыз-Ата айыл аймагынын 4 айылына суу түтүктөрү орнотулуп, 7 суу чыгаруучу скважиналары ишке берилди. Долбоор 234 млн 568 миң сомго бүткөрүлдү. Таза суу учурда суу эсептегичтери менен 2 миң 890 кожолукка жана соцобъектилерге киргизилди. Айыл аймагындагы кээ бир кожолуктар заманбап үлгүдөгү мончо, даараткана курууга жана ашканаларына суу түтүктөрүн киргизүүгө, автоматтык кир жуучу машинкаларын орнотууга жетишишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×