Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 09.10.2019 08:37

Ошто 1 жылда 585 адам жүрөк-кан тамыр оорусунан каза болду, көбү эркектер

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан инсульт оорусу боюнча 1-орунда, ал эми инфаркт оорусу боюнча 6-орунда турат. Бул тууралуу Ош шаарындагы ден соолукту чыңдоо борборунун жетекчиси Жаннаткан Муратова билдирди.

Анын айтымында, 7-октябрдан 11-октябрга чейин Ош шаарында жана облустун райондорунда «Өз кан басымыңды билип ал» акциясы өтүүдө. Анын алкагында Ош шаарында 42, райондордо 50 атайын пункт уюштурулган. Ал жактан тургундар кан басымын акысыз өлчөтүп алышса болот.

«Ар бир адам кан басымын жылына 1 жолу текшертип туруш керек. Оорунун белгилери жок болгону менен, кан басымдын жогорулашы акырындан инсульт, инфаркт ооруларына алып барат. 6 млн калктын 1,5 миллиону гипертония (кан басымынын жогорулашы) оорусу менен ооруйт», - деди Жаннаткан Муратова.

Ош шаарынын башкы кардиологу Жылдыз Төрөбекова бүгүнкү күндө шаар боюнча жүрөк-кан тамыр системасынын органдарынын оорусуна чалдыккан 15 миң 800 адам каттоодо турса, 1 жылда 585 адам жүрөк-кан тамыр оорусунун кесепетинен көз жумганын айтты. Каза болгондордун ичинен 34ү жаштар, көбү эркектер болгон. Ошондой эле кардиолог шаарда кан тамырларды текшерүүчү 3 эле томография аппараты бар экенин жана алар жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, учурда кан айлануу органдарынын оорусун аныктоо үчүн эски ыкма менен жүлүндөн суу алып, убакыттан уттуруп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×