Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 09.10.2019 18:19 На русском

«Жалгыз баламды өлтүрүп бергилечи»: Уулуна уу берген ата-эненин кубанычы. Наркологдун баяны

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Таштемир Атабаев Ош шаарындагы облустар аралык наркологиялык борборунда 46 жыл эмгектенген. Ал оорукананын амбулатордук-диагностикалык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жүрүп өз эрки менен кызматынан кеткен. Психиатр-нарколог мырза менен аймактык кабарчы маектешти.

Таштемир Атабаев мурдагы Фрунзе (Бишкек) шаарындагы медициналык академиядан билим алган.

«5 жашымда эжемдер мектепке кетишкенде үйдөн зээригип, аларды ээрчип мектепке барып алгам. 1-2-классты жакшы окуганым үчүн 4-класска аттагам. 6-классымда туугандардын ичинен бир агам дарыгер болду, аны көрүп мен да дарыгер болом деп алдыма максат койдум. 15 жашымда орто мектепти аяктап, Фрунзедеги медициналык окуу жайга тапшырдым. 3-курста психиатр-нарколог адистигин тандадым, себеби Анатолий деген курсташым окуп жүргөндө эле ошол тармакта иштечү. Аны менен чогуу жумушуна барып кызыгып калгам. Жогорку окуу жайын аяктап, 1 жыл Жалал-Абаддагы ооруканада интернатурада (жаш дарыгердин 1 жылдык тажрыйба топтоо мезгили) жүрдүм. Бир агайыбыз бар болчу. Ал 40 китепти 1 жылга бөлүп берчү. Конспект жазып, окуганыбызды айтып берчүбүз, күчтүү мугалим болчу. Интернатурадан кийин 11 жыл Ош облустук психоневрологиялык диспансердин кабыл алуу бөлүмүндө иштедим. Ал убакта бир күндө 70-80 адам кабыл алчубуз. Психиатр-невролог кесиби боюнча окуганым менен, иш жүзүнө келгенде адамдын жан дүйнөсү менен иштешүү кыйын болду. Себеби адам аппендицит менен ооруса, аны кесип, алып коесуң, жаракат алса, таңып коёсуң. Ал эми адамдын жан дүйнөсү ооруганда кантип дарылап, эмнеден баштарыңды билбей калат экенсиң. Аракка берилген, депрессияга кабылгандардын себеби — жакындарынан айрылуу, банкрот болуу, көбүнчө ажырашып кеткендер», - дейт Таштемир Атабаев.

WhatsApp Image 2019-10-09 at 11.12.58

Анын айтымында, арак организмге киргенден кийин денедеги ар бир органды бузат. Алгач ашказан, боор, мээге таасирин тийгизет.

«10-15 күн аракты тынбай ичкен адам аны ичүүнү токтотууга акылы жетпей, жосунсуз жоруктарды жасап жатканын түшүнбөйт. Психикалык абалы бузулуп, кулагына ар түрдүү үндөр угулуп, ал үндөр ага буйрук бере баштайт. Андай учурда молдого 10 күн окутса да таасир болбойт. Молдого организмдеги аракты тазалап, анан барыш керек. Аракты көп ичкен адамдын жүрөгү жай сого баштайт. Арак ичип келип үйүндө каза болуп калгандар — жүрөгү жай согуп жатып эле каза болуп калышат. Аракты 2 күн тынбай ичип баштаган адамды жакындары алдап же күч менен дарыланууга алып келиш керек. Наркологиялык борбордо 10 күн дарыланышат. Арак ичкен адамдар борборго келгенде эле бизди сөгүп башташат. Акыркы убакта сойкулардын арасында ичкиликке берилгендер көбөйүп жатат», - дейт нарколог.

Ал иш тажрыйбасындагы эстен кеткис окуясы менен бөлүштү.

«Бир жолу кабылдамама жашы өтүп калган кемпир-чал келип, “жалгыз баламды өлтүрүп берчи” деп суранышты. Уулу арактын айынан үйүндөгү буюмдардын баарын сатып, кемпир-чалды үйүнөн кууп чыгып, аларды тажатып бүтүптүр. Анан мен биз дарылап гана бере алабыз, өлтүрбөйбүз дедим. Баласын дарыланууга алып келишти, бирок уулу бир-эки күн ооруканага келгенден кийин дарыланбайм деп койду. Бир күнү кемпир-чал баласынын тамагына уу кошуп беришип, үйүнүн эшигин ачык таштап, бир жакка кетип калышыптыр. Ошол убакта кошунасы алардын үйүнө кирип калып, тез жардам чакыртып, уулун куткарып калыптыр. Кемпир-чал келсе, баласы сопсоо жүрүптүр. Дагы бир күнү "балабыз Россияга кетем деп жатат, эмне кылалы?" деп келишиптир. Жөнөткүңөр келсе, жибергиле дегем. Арадан бир канча убакыт өткөндөн кийин бөлмөмө кубанып кирип келип калышты. Көрсө баласы Россиядан бирөөлөр менен мушташып, каза болуптур», - деди Таштемир Атабаев.

Анын айтымында, арак менен маселе чечилбейт. Адам кайгырганда абалды жеңилдетип, жамандыкты унуткусу келет да, арак ичет. Арак мээдеги көңүл көтөрүүчү гормондорду иштетип, адамдын көңүлү көтөрүлүп калат. Бирок убакыт өткөндөн кийин арак тарайт да, адам көңүлүн көтөргүсү келип дагы арак ичет. Бара-бара көңүл көтөрүүчү гормондор бөлүнүп чыкпай, адам агрессивдүү боло баштайт.

«Бир жолу жубайы жолдошун дарылатууга алып келди. Жолдошу соолугуп калганда аялы булчуңдарга тигилүүчү эспераль деген дарыны жолдошунун далысына тиктирип берүүнү суранды. Жолдошу аялынын көзүнчө макул болгон, бирок аялын бөлмөдөн чыгарып, мага "хирургга алып барып, далымды кестирип, дарыны тикпей эле койгула" деди. Аялы болсо "күйөөм сизди алдап коёт, сөзсүз тиктириңиз" дейт. Хирургга бардым дагы "азыр үчөөбүз келгенде аялына дарыны тигип берем де, анан жолдошу киргенде, тикпейм деп кой" дедим. Хирург "негизи эмне кылайын?" деп сураганда, далысын кескенде дароо дарыны салып, тигип сал дедим. Эки күндөн кийин тиги аялдын күйөөсү далысына тигилген дарыларды колуна кармап алып келиптир. “Таштемир, сен калпычы экенсиң, дарыны тикпейт дебедиң беле" деп иш бөлмөмө кирип келди. Көрсө ал башка хирургга барып, ага акча берип, далысын текшертип, дарыны алдыртып салыптыр. Аялына айткан жокмун. 2 айдан кийин жолдошу дагы ичип алганда аялы мени урушуп келип калды. Күйөөсүн бирөө аркылуу чакыртып, аялынын көзүнчө эмне үчүн арак ичкенин сурасам, “бул алдамчы мени алдап, дарыны тиктириптир, мен башка хирургга барып алдырып салдым” деди. Анан аялы мага унчукпай калды», - деди психиатр-нарколог.

70 жаштагы Таштемир Атабаев 2 кыздын атасы. 2006-жылы «Саламаттыкты сактоонун мыктысы» төш белгисине көрсөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×