Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Нарын облусуКочкор району 09.10.2019 16:34 На русском

Элет көйгөйү: Гектарлап картошка айдаган М.Кожоналиев жана баасы көтөрүлбөгөн түшүм

Turmush -  Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну Майрамбек Кожоналиев союз тарагандан бери гектарлап картошка айдап, жанын багып келет. Эки жылдан бери картошканын баасы төмөн болуп жатканына ичи ачышып турат. Дыйкандын иши менен аймактык кабарчы таанышты.

Нарын облусунун ичинен Кочкор району картошканы эң көп айдаган аймак. Бир эле адам 20 гектарга чейин картошка айдайт.

«Союз тарагандан тартып эле картошка айдап, үй-бүлөмдү багып тиричилик кылып келгем. Акыркы эки жылдан бери картошканын баасы түшүп, дыйкандын эмгеги бааланбай калууда. Жаз айларында өкмөт картошканы айдай бергиле, башка мамлекеттер менен келишим түзөбүз деген. Бирок күз келип картошканы каза баштаганда былтыркыдай эле көрүнүш болуп жатат. Дыйкандын үнүн уга турган адам барбы?», - дейт Майрамбек Кожоналиев.

Ал облуска картошканы иштетүүчү чакан ишкана ачып берсе деген тилеги бар.

«Өкмөт эгемендүүлүктү алгандан бери картошка иштетүүчү чакан ишкана салып бере албайт же дыйкандын өндүргөн продукциясын экспорттоого кепил болуп бере албайт. Мамлекет бир жолго салып берсе, эми кимге сатам деп сарсанаа болбойт элек. Малчыларды да жайлоодон эрте түшүрүп жатып, картошка казууга тоскоол болуп жатат. Уй, жылкы картошканы тебелеп кетсе кабыгы ачылып, сапатын жоготууда. Картошканы айдап койсоң эле чыгып калбайт да, үрөөнүн алмаштыруу, сугаруу, түптөө, отоо чөптөн арылтуу деген түйшүктөр да арбын. Албетте булардын баарын өзүм бүтүрө албайм. Андыктан жардамчы күчү керектелет», - деди ал.

Дыйкан быйыл 7га жерге картошка айдап, картошка тергенге адамдарды жалдап иштетүүдө. Аларга күнүгө 800 сомдон төлөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×