Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 09.10.2019 18:12 На русском

Ошто жаш жигитти унаа сүзүп өлтүрдү. Өздүгү аныкталбай жатат

город Ош
город Ош
// Turmush

Turmush -  Ош шаарынын И.Раззаков көчөсүндө 25-30 жаштагы жигитти унаа сүзүп өлтүрдү. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Окуя бүгүн, 9-октябрга караган түнү саат 2:00 чамасында болгон. Маркумду «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда, жигит окуя болгон жерден каза болгон.

Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун адиси Арап Кожобаев маркумдун өздүгү тактала электигин билдирди.

«Маркум бизге түнкү саат 4:00дө каттоого алынган. Аны 2:30 чамасында унаа сүзүп кеткен. Маркум баш мээсинен катуу жаракат алып, мээге көп өлчөмдө кан куюлуп кеткендиктен, ал окуя болгон жерден каза болгон», - деди Арап Кожобаев.

Ал буга чейин Ак-Буура дарыясынын жээгинен европа түспөлүндөгү жарандын өздүгү аныкталбай жерге берилгенин дагы кошумчалады. Ошондой эле учурда өздүгү аныктала элек 2 азиат түспөлүндөгү адамдын денеси сакталууда.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жол кырсыгы катталганын тастыктап, Раззаков көчөсүндөгү «Беш көпүрө базарынын» алдында «Мерседес-Бенц 220» үлгүсүндөгү ак түстөгү автоунаа жолдон өтүп бара жаткан 25-30 жаштагы жигитти сүзүп кеткенин билдирди.

Айдоочу кармалып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×