Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусу, Ош 11.10.2019 10:20

Ошто шаар курулушу жана архитектура башкармалыгында «Бирдиктүү терезе» иштеп баштады

Turmush -  Ош аймактык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгында «Бирдиктүү терезе» иштеп баштады, деп билдиришти аталган башкармалыктан.

«Бирдиктүү терезе» кечээ, 10-октябрдан тарта иштеп баштады.

«Курулуш иштери үчүн архитектуралык уруксат кагаздарды алууда адам факторун кыскартып, иш кагаздарды электрондук форматта жүргүзүү үчүн жана Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата “Бирдиктүү терезе” ачылды.

Эми жарандардын арыздары Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин борборлоштурулган жаңы программасына туташтырылып, көзөмөлдөнүп турат. Андан сырткары шаардык мекемелер менен сурамжылоо каттарын жөнөтүү жана кабыл алуу иштери электрондук форматта жүргүзүлүп, бир топ убаракерчиликтер кыскарды.

Андан сырткары шаардык инженердик-техникалык кызматтарынан бирден өкүл келип, курулушка иш кагаздарды берүүдө өздөрүнө тиешелүү маселелер боюнча биргеликте техникалык кеңешме өткөрүүгө “Бирдиктүү терезе” бөлүмүнөн атайын жай даярдалып берилди. Ал жакта кеңешмелер өтүүдө.

Жарандар берген арыздарын башкармалыктын www.osharh.org сайты аркылуу өзүнүн чөнтөк телефону аркылуу көзөмөлдөгөнгө да мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Учурда “Түндүк” электрондук ведомство аралык өз ара аракеттенүү маалыматтык системасына кошулуу боюнча 2-октябрь күнү аталган башкармалыкта интернетке байланышуучу каражат орнотулуп, бөлүмдөрдү модернизациялоо, санариптештирүү иштери жүрүүдө.

Президент С.Жээнбековдун жарлыгынын негизинде аткарылып жаткан иштер боюнча 5-октябрь күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна болгон иш сапарында башкармалыктын “Бирдиктүү терезе” бөлүмүнүн жарандарга кызмат көрсөтүү жана иш алып баруу шарттары менен таанышып чыккан», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×