Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 16.10.2019 09:52 На русском

Кара-Сууда архитектура башкармалыгынын кызматкерлери иш таштоого чыкты

Turmush -  15-октябрда Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 61 кызматкери иш таштоого чыгышты.

Алардын айтымында, аталган мекеменин жетекчиси тарабынан негизсиз акча топтоолор жана кол астында иштеген жумушчуларга орой мамиле болуп жатат. Бул боюнча алар 2019-жылдын 21-июнунда райондук мамлекеттик администрациясына 52 жумушчунун атынан арыз беришкен.

«Бул жетекчи менен иштешкенибизге 1 жыл 3 ай болду. Аз убакыттын аралыгында кол астында иштеген кызматкерлерден акча жыйнап, көптөгөн мыйзамсыз иштерди жасады. 1000 долларга чейин акча берген кызматкерлер бар. Аны ачык айтууга да даярбыз. Биз жетекчинин мыйзамсыз жүргүзүп жаткан жумуштары, негизсиз акча топтоолор боюнча иликтеп, текшерип бергиле деп арыз жазганбыз. Арыз менен кайрылгандан кийин жетекчи 3 айга иштен четтетилген. Бирок арыз Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан 5 ай ичинде каралып, 14-октябрда жетекчи иш ордуна келген. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен таанышуубуз керек болчу. Бирок бизге андай жыйынтыкты эч ким көргөзгөн жок. Учурда жетекчини колдогон 5 жумушчу бар, калган жумушчулардын баары аны менен иштешүүгө каршы», - деп билдиришти кызматкерлер.

Алар нааразычылык акция бүгүн, 16-октябрда улана турганын кошумчалашты.

Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында жалпы 80ден ашуун кызматкер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×