Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ош облусу, Ош 17.10.2019 17:53 На русском

Оштогу эң бийик көп кабаттуу үй чөгүп кетүү коркунучунда турат (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарындагы Раззаков көчөсүндөгү 16 кабаттуу үйдүн жер төлөсүнө суу толуп, үйдүн чөгүп бара жатканы жашоочуларды тынчсыздандырууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалымдашты.

Жашоочулардын айтымында, алар бир нече жолу көп кабаттуу үйдү курган ишканага кайрылышкан. Бирок эч кандай майнап чыкпай келет. Бул үй 2010-жылдагы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясы тарабынан курулган. Азыр имараттын жер төлөсүнө суу толуп, жаракалар пайда болгон абалда. Буга катар эле имаратка кирүүчү тепкичтер жерге чөгүп кеткен.

«Мындан 2 жыл мурун имараттын айланасындагы таман таштар чөгүп кеткенде имаратты курган компаниянын кызматкерлери оңдоп кеткен болчу. Эми кайра 2 жылга жетпей жер төлөгө суу толуп, айланадагы таман таш, тепкичтер жерге чөгүп, жашоочуларды тынчсыздандырып жатат. Буга ким жооп бере турганын билбейбиз. Башында үй алганыбызга сүйүнүп жүрө бериптирбиз. Үйдүн сапаты начар, шыбактары көчүп түшүп жатат», - деди жашоочулардын бири Анара Айталиева.

Наргүл Камчыбекова 4 жылдан бери 16-кабатта жашайт. Ал жаан жааганда үйдүн чатырынан суу кирип жатканын айтты.

«Биз жашап жаткан үйгө канча убакытка чейин кепилдик берилгенин билбейбиз. Үй алганыбызга кубанып кирип алганбыз. Эми жер төлөгө суу толуп, чатырынан суу тамчылап, айланасындагы таман таштар чөгүп, тынчсыздандырып жатат. Биз 16-кабатта жашайбыз. Өзүбүз жылына 2-3 ирет оңдоп-түздөөдөн өткөрүп турабыз. Ошентсе да тамчы өткөнү токтободу. Анын кесепетинен балдарым тез-тез ооруп калат», - деди Камчыбекова.

Ош шаардык мэриясынын жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин жетекчиси Таймураз Исакжанов 2010-жылдагы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясы менен иштешкен иш башкаруучуларды таппай калып жатышканын билдирди.

«2010-жылдагы мамлекеттик дирекциясы тарабынан Ош шаарында жалпысынан 1392 батир курулган. 2015-жылдын 15-июлундагы өкмөттүн 495-токтому менен Ош шаардык мэриясынын балансына 1186 батир өткөрүлүп берилген. Калган батирлер Ош шаарында иштеген күч органдарынын кызматкерлерине кызматтык үй катары берилген. Курулган имараттын сапатын мамлекеттик дирекция кабыл алган. 2010-жылдагы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы менен иштешкен иш башкаруучуларды таппай калып жатабыз», - деди Таймураз Исакжанов.

16 кабаттан турган үйдөгү жалпы 126 батирде 500дөн ашуун тургун жашайт. Жашоочулар кайда кайрыларын билбей жаткан убагы. Ош районундагы 16 кабаттуу үй 2014-жылдын апрель айында пайдаланууга берилген. Бул үй 2010-жылы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын башында Жантөрө Сатыбалдиев турганда курулган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×