Бөлүмдөр
Ишемби, 16-ноябрь
Ош облусу, Ош 18.10.2019 12:10

Ошто жогорку чыңалуудагы электр мамысы тургундарга көйгөй жаратууда

Turmush -  Ош шаарынын Достук аймактык кеңешиндеги 78-көчөнүн боюнда жайгашкан жогорку чыңалуудагы электр мамысы кулап калуу коркунучунда турат.

Жашоочулардын бири Айсалкын Карабаеванын айтымында, арыктын бюнда жайгашкан жогорку чыңалуудагы электр мамычасы бир жылдан бери коркунуч туудуруп келет. Кечээ, 17-октябрда 78-көчөнүн жашоочулары көйгөйлөрүн айтуу үчүн топтолушкан. Алар атайын адистерди чакыртып, электр мамычаны жылдырып берүүнү суранышты.

«Электр мамычалары үйдүн короосунан 5 метр алыс болушу керек экен. Бирок азыр биздин көчөдөгү электр мамычаларынын аралыгы 2 метрге дагы жетпейт. Биз бул боюнча Ош шаардык мэриясына буга чейин да кайрылганбыз. Кечээ дагы кат жаздык. Бир жылдан бери качан кулап калат деп коркуп жашап жатабыз. «Ош электр» ишканасынан кызматкерлерди чакырсак «коркунучтуу эмес» деп кетип жатышат. 79-көчөнүн жашоочулары электр мамычалары жоктугунан атайын жыгач түркүктөрдүн жардамында электр тогун үйлөрүнө алып кирип алышкан», - деди Карабаева.

Тургундар 78-көчө буга чейин асфальтталып, бирок 6 үйдүн алды асфальт болбой калганын айтышты. Ага катар эле учурда газ түтүгүн өткөрүү иштери жүрүп жатат. Бирок жогорку чыңалуудагы электр мамычасынын алдынан газ түтүгү өтпөйт. Алар эми газсыз дагы каларын айтышууда.

Ал эми «Ош электр» ачык акционердик коомунун басма сөз катчысы Талант Алиханов билдиргендей, жашоочулар бир дагы ирет кайрылган эмес.

«Жогорку чыңалуудагы электр мамычалары турган аймак коргоо зонасындагы аймак болуп эсептелет. Ал жерге үйлөр курула электе электр мамычалары орнотулган. Бирок жашоочулар өздөрү үйлөрүнүн короосун электр мамычаларга жакын куруп алып, эми ызы-чуу чыгарып жатышат. Ал жердеги электр мамычалары жылдырылбайт. Жашоочулар короосун жылдырышы керек. Биз бул тууралуу кечээ билдик. Биздин юристтер бул боюнча иш алып барышат. Ал эми 79-көчөгө электр мамычаларын куруу 2020-жылдагы планга киргизилген», - деди Алиханов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×