Бөлүмдөр
Ишемби, 23-ноябрь
Ош облусуАлай району 19.10.2019 14:21

Алайдагы чек арачылар үй-бүлөлөрү менен кандай шартта жашап жатышат?

Turmush -  Алай районунун Нура айылындагы «Эркечтам» жана «Эгиз ээк» чек ара тозотундагы кызматкерлердин балдарына ойной турган аянтча куруу зарылчылыгы бар. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 17-октябрь күнү облус жетекчиси Узарбек Жылкыбаев, Кытай менен чек арада жайгашкан «Эркечтам», «Эгиз ээк» чек ара тозотуна барып, кызматкерлердин жашоо-шарты менен таанышып келди. Ал чек арачылардын шарты жакшырганына токтолуп, бирок балдар ойноочу аянтчаны оңдоо керектигин район жетекчилигине билдирип, тапшырма берди.

Ош облусунда тоо туризмин өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк чоң. Андыктан быйыл Алай районунда «Тоо туризми» фестивалы уюштурулду. Ош—Эркечтам жолунун абалы жакшы. Сары-Таш айыл аймагындагы трасса толук жарыктандырылган. Эми «Эркечтам» чек ара тозотунун эски имаратын да тарыхый жай катары туристтик маршруттарга кошуу зарылчылыгы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×