Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Ош облусу, Ош 22.10.2019 16:58

Ошто ТИМдин 75 жылдыгына арналган фотокөргөзмө өттү

Turmush -  Бүгүн, 22-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына арналган фотокөргөзмө өттү.

Министрликтин түштүк аймактагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мирланбек Исмаилов фотокөргөзмө коомчулукка дипломатиянын өнүгүү этаптарын көрсөтүү максатында уюштурулганын айтты. Ага шаар мэриясынын, элчиликтердин өкүлдөрү, жогорку окуу жайдын студенттери катышты.

«Министрлик алгач 1944-жылы КР ССРнин тышкы иштер боюнча элдик комиссариаты болуп түзүлүп, быйыл 75 жыл болуптур. Бул жылдар аралыгында 150 мамлекет менен дипломатиялык алака түзүп, 37 өлкөдө биздин өкүлчүлүк бар. Дүйнөлүк уюмдардын дээрлик баарында мүчө болуп, өлкө кызыкчылыктарын коргоп келебиз. Фотокөргөзмө аркылуу жаш муунга, коомчулукка дипломатия кандай этаптар менен өнүгүп, кандай жетишкендиктерге жетишкенин көргөздүк», - деди Исмаилов.

Көргөзмөдө дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери, министрликте иштеген инсандардын сүрөттөрү, чет өлкө менен жүргүзүлгөн дипломатиялык алакаларды чагылдырган сүрөттөр коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×