Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ош облусу, Ош 23.10.2019 13:27 Жаңыланды: 23.10.2019 14:42 На русском

Оштогу жетекчилер ажаткана үчүн жеме угушту  

Turmush -  Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бала бакчанын жана суу сактоочу кампанын курулуштары менен таанышуунун алкагында бир катар жетекчилерге нааразычылыгын билдирди.

Алгач калаа башчысы А.Шакиров көчөсүндө курулуп жаткан жолдун абалы менен таанышып, жолду батыраак жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тапшырмасын берди. А.Шакиров көчөсүнүн жалпы узундугу 2 чакырымды түзөт. Жолдун жалпы кеңдиги 20 метр, унаа жүрүүчү тилкеси 12 метр болуп, эки четине ирригациялык лотоктор орнотулуп, жөө адамдар өтүүчү жол курулат. Аталдан жолду ушул жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалып жатат.

Ага улай эле мэр Таалайбек Сарыбашов Амир-Темур кичи шаарчасында курулуп жаткан 100 орундуу бала бакчанын курулуш иштери менен таанышты. Аталган бала бакчанын сметалык баасы 45 млн сомду түзүп, тендердик баасы 23 млн сом болгон. Амир-Темир аймактык кеңешинде жалпы 56 миң адам жашайт.

Андан соң мэр Түштүк-Чыгыш кичи шаарчасында жайгашкан суу кампасынын абалынан кабар алды. Жапалак айыл аймагындагы Төлөйкөн айылындагы 4 көчөнү таза суу менен камсыз кылган суу кампасына 24 млн сом жумшалган. Бирок ага ылайык жумуштар аткарылбаганын мэр белгиледи.

«Мына, урматтуу жетекчилер, силердин кейпиңер. Мамлекеттин акчасына күйсөңөр боло. Долбоор 2-3 жыл мурун башталган. Азырга чейин толук иштери бүтө элек экен. Сууну токтотуп коёт экенсиңер. Суу сактоочу кампаңардын абалын карагыла, кароолчу жашай турган имаратыңардын кейпин карагыла. Качан жоопкерчиликтүү мамиле жасайбыз? Ажаткананын абалын айтпай эле коёюн. Өзүңөр үйүңөргө ажаткана курганда башкача салсаңар керек эле. Абалын карагыла. Качан мамлекеттин акчасын, элдин акчасын текке кетирбей пайдаланууну үйрөнөбүз?», - деди Сарыбашов.

Ошондой эле ал долбоор боюнча жумуштар башкача аткарылышы керектигин, мындан улам иштерди дагы натыйжалуу ишке ашыруу үчүн жетекчилерге убакыт керектигин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×