Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 23.10.2019 17:46

Чоң-Алайдын Кара-Мык айылында Баткен окуясында курман болгондор эскерилди

Turmush -  Бүгүн, 23-октябрда Чоң-Алай районунун Кара-Мык айылында Баткен окуясынын 20 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өттү.

Маалым болгондой, иш-чарага 84 ардагер, акимчиликтин, айыл өкмөттүн өкүлдөрү, окуучулар катышты.

«Ардагерлерге акчалай сыйлык, сый тамак уюштурулду. 2 ардагерге жаштарды патриоттуулукка тарбиялагандыгы үчүн төш белги тапшырылды. Эстеликке гүлчамбар коюлуп, курман болгондор эскерилди. Тажикстанга чектеш Чоң-Алай районуна 1999-жылы террористтер кирип келип, жайлоодогу элди барымтага алып, малын айдап жөнөшкөндө калк каршы турган. Ош облусунан милиция кызматкерлери барганда 9 милицияны барымтага алып, Тажикстандын Жылуу-Суу айылына алып өтүп кеткен. Алар 56 күн дегенде сүйлөшүүлөрдүн негизинде бошотулуп, кайтарылган», - деп айтылат акимчиликтин маалыматында.

1999-2000-жылдары куралчан адамдар 2 ирет Баткендеги (Телбе), Чоң-Алайдагы (Бок-Башы) ашуулардан өтүп киришкен. Аскердик операцияга жүздөгөн аскер тартылган. 53 адам курман болуп, 130дан ашуун адам жаракат алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×