Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 25.10.2019 14:41

Баш байгеде 2 унаа жана жолдомо. Сынакта жеңүүчү аталган 16 жаштагы Мухаммаджума белегин атасына берди

Turmush -  Кара-Суу районунун 16 жаштагы тургуну Мухаммаджума Тажибаев куран айтуу боюнча сынакта умрага (кичи ажылык) жолдомо утуп алып, аны атасына белекке берди. Бул тууралуу Ош облустук казыятынан билдиришти.

19-октябрда Баткен облусунда медреселерде жана окуу борборлорунда билим алган окуучулардын арасында куран айтуу боюнча сынак өткөн. Ага Ош облусунун Кара-Суу районундагы окуу борборунда окуган Мухаммаджума Тажибаев дагы катышып, 1-орунду ээлеген. 24-октябрда Кара-Суу районунун имамы Абдурашит ажы Батыров М.Тажибаевди куттуктап, белектерин, умрага жолдомосун тапшырган жана ал окуган окуу борборуна куран китептерин белекке берген.

«Сынакта 14-16 жаштагы балдар жарышты. Иш-чарага муфтий Максат ажы Токтомушев дагы катышты. 2 күнгө созулган сынактын жыйынтыгында Ош облусунун тургуну Тажибаев Мухаммаджума 10 пара куран айтуу боюнча 1-орунду алып, ага умрага жолдомо ыйгарылды. Ал жолдомону атасына тапшырам дептир. Баткен облусунан келген Кудайназаров Иляс 20 пара куран айтуу боюнча "ДЭУ Матиз" автоунаасын жеңип алды. Ал эми Баткен облусунун тургуну Рустамбек уулу Давранбек 30 пара куран айтуу боюнча 1-орунду алып, "Мерседес" үлгүсүндөгү унаа менен сыйланды», - деп билдирди казыяттын басма сөз катчысы.

Мухаммаджума Тажибаев умрага жолдомону атасына белек кылса, атасы агамдан мурда ажылыкка барбайм деп, жолдомону бир тууган агасына берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×