Бөлүмдөр
Ишемби, 23-ноябрь
Ош облусуНоокат району 28.10.2019 10:24

Ноокатта Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кудайберген Темировду эскеришти (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунда обончу Кудайберген Темировдун 70 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Төрөбек Мамашев билдирди.

Иш-чара кечээ, 27-октябрда уюштурулган.

«Обончу быйыл жазында каза болгон. Ал тирүү болгондо 70 жашка чыкмак. Эскерүү кечесинде Ноокат районунун обончу-ырчылары, шайыр апалардан түзүлгөн топтор концерттик программа тартуулашты. Концерттин өзгөчөлүгү — баары ырларды жандуу үн менен аткарышты. Иш-чарага маркумдун үй-бүлөсү, туугандары, райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү катышты.

Быйыл эскерүү кечесин райондук деңгээлде өткөрдүк, кийинки жылы облустук деңгээлде уюштурабыз деп пландадык. Аны сынак түрүндө өткөрөбүз деп максат кылып жатабыз», - деди Төрөбек Мамашев.

Обончу Кудайберген Темиров 1949-жылы Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө төрөлгөн. Ал «Жылкычы кыз», «Ноокаттын сары алтыны», «Ай, бөбөктай» сыяктуу көптөгөн чыгармалардын обондорунун автору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×