Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ош облусуНоокат району 29.10.2019 09:53 На русском

Ноокаттагы сары таш бизнеси жана 6,5 миң түп арча: Лицензия алган ишкер менен департаменттин тиреши

Гезарт жайлоосундагы сары таш казыла турчу аймак
Гезарт жайлоосундагы сары таш казыла турчу аймак

Turmush -  2017-жылы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан Ноокат токой чарбасына караштуу Абшыр-Ата токой бөлүмүнүн №7 Гезарт жайлоосунда сары таштарды казуу үчүн жеке ишкерге лицензия берилген. Бүгүнкү күндө Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экологиялык экспертиза жана жаратылышты пайдалануу башкармалыгы сары таштардын үстүндө арчалар өскөндүктөн аларды казууга уруксат бербей жатат. Ноокат токой чарбасынын токойду коргоо жана сактоо боюнча инженери Кылычбек Балтабаев жергиликтүү калк жана токой чарбанын кызматкерлери арчалардын кыйылышына каршы болуп жатышканын билдирди.

Анын айтымында, сары таштар казылса, 6,5 миң түп арча кыйылышы мүмкүн.

«Абшыр-Ата токой бөлүмүнүн аянты — 14 гектар 80 сотых, ал Ноокат районунун балансында болчу. Анын 1,30 га жери Ноокат токой чарбасына, 13,50 га жерине көбүнчө Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн калкы малын баккандыктан узак мөөнөткө Араван токой чарбасына өткөрүлүп берилген. Бирок Араван токой чарбасы жоюлуп, 13,50 га жер Ош облусунун токой чарбасына карап калган. Учурда лицензия алган ишкер 14,80 га жердеги чыгымдарды эсептеп, 1 түп кыйылган дарак үчүн 100 түп көчөттүн акчасын төлөп беребиз деп жатат. Бирок аска бооруна өскөн арчалардын ордуна көчөт тигип, аны 10 күн тынбай сугарсак да, алар тамыр албайт. Ишкердин берген акчасы, токойчулардын мээнети текке кетет. Токой чарбанын кызматкерлери канча түп арча кыйыларын аныктап чыгышты. Сары таштарды казуу үчүн 6,5 миңге жакын арча кыйылат экен. 30-40 жыл мурда тигилген арчалар араң 4-5 метр болуп өстү. Андан сырткары анын кесепетинен жапайы жаныбарлар, куштар жоголот. Бизди кооптондурганы — аталган жайлоого жаан-мөндүр катуу жаайт. Эгер арчалар кыйылып, таштар алынса ордуна суу толуп, дамба жарылып кетиши мүмкүн. Дамба жарылса Жаңы-Ноокат айылын суу каптайт. Мындай учурлар катталган.

Ишкерлер Жаңы-Ноокат айылына таш майдалоочу, ташты кайра иштетүүчү цех куруп, станокторун орнотуп коюшкан. Уруксат кагазы берилсе эле сары таш ташылып баштайт. Инвесторду ноокаттык депутат тапканы айтылып жатат, бирок депутаттын ким экенин билбейбиз. Бир-эки адамдын кызыкчылыгы үчүн экологияны бузууга жол бербейбиз», - деди К.Балтабаев.

Ноокат районунун Бел-Өрүк айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы Камал Тагаев Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы аталган маселе боюнча башка айыл өкмөттүн тургундары менен да кеңешиш керек экенин айтты.

«Ал жайлоодо Көк-Жар, Төө-Моюн, Пахтачы, Бел-Өрүк, Жаңы-Ноокат айыл өкмөттөрүнүн элинин малы багылат. Жолду, көпүрөнү тургундар оңдоп турушат. Көпүрө бузулса, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы дароо тургундарга айтат. Ал эми инвестор тартууда, бюджетти көбөйтүүдө кеңешпейт. Жолду оңдошсун, көпүрөнү салып берсин, экологияга зыяны тийбесе таштарды казып алсын. Бирок экологияга зыяны тийсе бюджетке түшкөн миллиондогон акчанын кереги жок», - дейт Камал Тагаев.

Ал эми Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы Нодирбек Розалиев сары ташты казып ала турчу компания жергиликтүү бюджетке канча акча төлөрүн айтып берди.

«Ишкер 2017-жылы лицензия алгандыктан, айылдын 3,5 гектар жерин ташты кайра иштетүүчү цех үчүн бөлүп бергенбиз. Бирок Мамлекеттик экологиялык экспертиза жана жаратылышты пайдалануу башкармалыгы таштардын үстүндө арча өсөт экен деп уруксат бербей жатыптыр. Ишкер менен министрликтер өз ара бир чечимге келе алышпай жатышат. Ишкерлер жылына райондук бюджетке 120 миң сом, айылдык бюджетке 480 миң сом төлөшөт. Андан сырткары социалдык жардам катары 1 млн сом, ар кандай салыктарды төлөп турушат. Эгер сары таш казууга уруксат берилсе, 8 көпүрөнү, жолду оңдошот. Тиешелүү министрликтерден уруксат алынып келсе, мыйзам боюнча айыл өкмөт ишкерге каршы чыга албайт. Экологияга зыяны тийбейт, себеби казыла турчу жер дарыядан алыс жайгашкан», - деди Нодирбек Розалиев.

Аталган жердеги сары таш СССР убагындагы чалгындоо учурунда жардырылып, текшерүүгө алынган. Сары таштарды казууга «Алдаяр-Уголь Лимитед» ЖЧКсы лицензия алган. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, аны Закирова Нураим Алтымышевна жетектейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×