Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 29.10.2019 11:34 На русском

Видео — Дүйнө чемпиону болгон кикбоксчу Авазбек Аманбековду салтанаттуу тосуп алышты

Turmush -  Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында кикбокс боюнча дүйнө биринчилигинде чемпион аталган кыргызстандык мушкер Авазбек Аманбековду аэропорттон салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мушкердин туугандары жана жакындары аны кечээ, 28-октябрда Бишкек шаарындагы «Манас» эл аралык аэропортунан тосуп алышкан.

Авазбек Аманбеков 20-26-октябрь күндөрү кикбоксинг боюнча дүйнө биринчилигине катышып, 57 кг салмак категориясында күч сынашкан. Мушкер жалпы 4 беттеш өткөрүп, атаандаштарынын баарын жеңген. Биринчи беттешинде палестиналык, экинчи беттешинде америкалык, үчүнчү беттешинде мавританиялык спортчулар менен мушташты. Ал эми финалдык беттеште түркиялык мушкерди жеңип алган.

«Спорт-АКИпресс» басылмасы Сараево шаарында өткөн кикбоксинг боюнча дүйнө биринчилигине Кыргызстандын атынан 8 спортчу катышканын жазган. Биринчиликте 67 кг салмакка чейинки категорияда кыргызстандык Аброр Хакимов да коло медаль уткан.

Авазбек Аманбеков Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×