Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 30.10.2019 17:23

Кара-Сууда сабак учурунда мечит-медреселерге каттаган окуучулар көбөйдүбү?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районунда жыл башынан бери окуучулар сабак учурунда мечит-медреселерге барган 91 факт катталган. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Анын айтымында, 91 факт рейд учурунда катталган.

«5 бала мектепке барбай, мечит-медреселерге барып жүргөндүгү аныкталган. Ал эми 4 окуучу такыр эле мектепке барбай жүргөн», - деди Ж.Аширбаев.

Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мехринса Жороева билдиргендей, райондук мамлекеттик администрацияда окуучулар сабак учурунда мечит-медреселерге барган маалыматтар катталган эмес. Ал бул жаатта акимчилик тарабынан ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.

«Эгер мындай маалыматтар болсо, биз укмакпыз. Сабак учурунда мечит-медресеге барган окуучулардын саны көп болууда деген маалыматтар чындыкка дал келбейт», - деди М.Жороева.

Райондун айрым тургундары аталган маселе боюнча маалыматтар ачык айтылбай жатканын, мечит-медреселерде жүргөн окуучулар көп экенин айтышууда. Алардын бири жума намаз учурунда окуучулардын саны көп болорун кошумчалады.

«Ошол жерде таалим алышы мүмкүн десек, айрымдары мектеп окуучусу болуп чыгат», - деди жашоочу.

Кара-Суу районунун имамы Абдирашит Баатыров бул маселе боюнча байма-бай иштер жүргүзүлүп жатканын айтты.

«Биз баарына айтып жатабыз, жума намазын окуу окуучулар үчүн парз эмес. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Мен райондун борбордук мечитинде намаз окуйм. Ал жакта окуучулар жок. Башка мечиттерде деле ушундай эле көрүнүш», - деди А.Баатыров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×