Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 31.10.2019 09:25

Сүрөт — Өзгөн шаарынын 92 жылдыгы белгиленди

Turmush -  Кечээ, 30-октябрда Өзгөн шаарынын 92 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясы билдирди.

Шаар күнүнө карата уюштурулган салтанатка Өзгөн шаарынын мэри Муктаржон Халматов, Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиев, райондогу жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Алар аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата аткарылган жумуштар менен таанышып чыгышты.

Андан кийин майрамдык иш-чаранын расмий бөлүгү өтүп, спорттук оюндар, тактап айтканда ордо жана таяк тартыш боюнча мелдештер уюштурулду. Салтанаттын соңунда Азнабакиев сейил багында конокторго сый тамак берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×