Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Ош облусуНоокат району 01.11.2019 16:27

Ноокат району өнүгүү жолунда. Н.Исанов айыл өкмөтүндөгү өзгөрүүлөр. Сүрөт

Turmush -  Быйыл аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Ноокат районунун Н.Исанов айыл өкмөтүндө көп өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу аким Давранбек Маматалиев билдирди.

Жаңы-Базар айылында Бириккен улуттар уюмунун өнүгүү программасы (ПРООН) тарабынан 490 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 110 миң сом бөлүнүп, электр чубалгылары, электр мамычалары жана трансформатор орнотулуп, көчөлөр жарыктандырылды. Мындан тышкары жеке ишкер тарабынан бассейн, мончо курулду. Ошондой эле республикалык бюджеттен 6 млн 200 миң сом бөлүнүп, 1 км жолго асфальт төшөлдү. Демөөрчүлөр берген 400 миң сомго арка курулган. Демөөрчүлөр тарабынан айылдагы спорт залга 500 миң сомдук спорттук эмеректер алынып, жергиликтүү бюджеттен 120 миң сомго айылдын борбордук айлампасына видеокамералар орнотулду.

Жаштарды дени сак жашоого үндөп, кылмыштуулукту алдын алуу максатында Жар-Коргон айылында ПРООН тарабынан бөлүнгөн 490 миң сомго, жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 86 миң сомго жана тургундардан топтолгон 170 миң сомго кичи футбол аянтчасы курулду. Ошол эле Жар-Коргон айылында ПРООН тарабынан бөлүнгөн 400 миң сомго, жергиликтүү бюджеттен каралган 429 миң сомго жана демөөрчүлөрдөн, тургундардан топтолгон каражатка айыл башчынын, айылдык комитеттин, жаштар комитетинин, таза суу ишканасынын кеңселери курулуп, пайдаланууга берилди. Жергиликтүү бюджеттен 1 млн 200 миң сом бөлүнүп 450 метр жолго асфальт төшөлдү. Дагы 400 метр жолго демөөрчүлөрдүн жардамы менен асфальт төшөлгөн. Кайрымдуулук фонду тарабынан 5 млн сом бөлүнүп, жаңы типтеги ФАП курулду. ФАПтын документтерин даярдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 200 миң сом, тургундардан 65 миң сом топтолгон.

Ошондой эле Күңгөй-Кожоке айылында жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом бөлүнүп, борбордук жана ички көчөлөр жарыктандырылды. Айылдын кире беришине дагы жеке ишкер тарабынан 400 миң сомго арка курулду.

Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 50 млн 500 миң сомго Чынгараев атындагы орто мектебинин курулушу бүткөрүлдү. Курулуш иштери 2017-жылы башталган.

Н.Исанов айыл өкмөтү 1996-жылы май айында түзүлгөн. Айыл өкмөттүн курамында 5 айыл бар. Жалпы аянты — 31 миң 300 чарчы метр, деңиз деңгээлинен 1800 м бийикте жайгашкан. Райондун борборунан (Ноокат шаары) 20 км, облустун борборунан (Ош шаары) 61 км, аэропорттон 65 км, темир жолдон 75 км алыста. Кыш узакка созулуп, кар калың жаайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×