Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ош облусуАлай району 01.11.2019 17:43

Кыргыз милициясына 95 жыл: Ошто милиция кызматкерлери сыйланды

Turmush -  Алай районунда милиция кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти. Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Мурзалиев жетектеген өздүк курамдын кызматкерлеринин катышуусунда өткөн салтанатка райондун акими Замирбек Молдокулов катышты.

Алмазбек Мурзалиев куттуктоо сөзүндө кыргыз милициясынын тарыхы, учурдагы иштер, жыл сайын бөлүмдүн материалдык-техникалык базасы жаңыланып жатканын белгиледи. Ардагер милиционерлердин атынан Жунус Оморов сөз сүйлөп, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, жеке ишкерлер дагы милиция кызматкерлерин куттукташты.

Замирбек Молдокулов ишинде өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге ардак грамоталарды тапшырды.

Ал эми Кара-Кулжа районунда укук коргоо органдарында эмгектенген кызматкерлердин кесиптик майрамы кечээ, 31-октябрь күнү белгиленген.

Салтанатка Кара-Кулжа РИИБдин кызматкерлери, ардагерлер жана жергиликтүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Кара-Кулжа РИИБдин айрым кызматкерлерине райондук мамлекеттик администрациянын ардак грамоталары тапшырылды.

Кара-Суу районунда да милиция кызматкерлерин куттукташты. Салтанаттуу иш-чарага Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери, ардагерлер катышкан. Райондун акими Тилек Матраимов 5 кызматкерди ардак грамота менен сыйлап, милициянын 16 ардагерине баалуу белектер тапшырылды. Майрамдык иш-чаранын соңунда концерттик программа тартууланды.

Өзгөн районда да ички иштер органдарында эмгектенген кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленип, райондук мамлекеттик администрациянын ардак грамоталары тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×