Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 02.11.2019 14:50

Кара-Кулжанын Биймырза айылында 820 метр жолго асфальт төшөлдү

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында 820 метр жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган иштерге 1 млн 400 миң сом каражат сарпталды. Жолду оңдоо иштери Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында ишке ашырылды. Буга чейин жолдун абалы начар болуп, элге көйгөй жаратып келген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×