Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 03.11.2019 07:03

Кара-Кулжада майып адамга, жалгыз бой энелерге үй курулуп, жакыр 10 үй-бүлөгө музоолуу уйлар тапшырылды

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында 2-топтогу майып адамга, жалгыз бой 2 энеге, жакыр 2 үй-бүлөгө үй курулуп, жакыр 10 үй-бүлөгө музоолуу уйлар тапшырылды. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, үйлөрдү кайрымдуулук фонддордун бири куруп берди. Анын жыйынтыгында айылдын 2-топтогу майып тургуну Т.Шоокумов, жалгыз бой энелер О.Сулайманова, А.Ормокова, шарты начар 2 үй-бүлө үйлүү болду. Б.Оморовго, Т.Мамашовго, А.Ормоновго, Ө.Жолдошовго, П.Абдырахмановго, Б.Болтоевага, П. уулу Муратка, Ж.Сейитбековго, У.Сапарбаевага, Т. уулу Асанга 580 миң сомго саан уйлар алынып берилди.

Ошондой эле жакыр 17 үй-бүлөгө 225 миң сом накталай акча жардам катары тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×