Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 04.11.2019 12:13

Өзгөндө суу ташкынын алдын алуу боюнча облустук деңгээлдеги машыгуу өттү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  

Өзгөн районунда суу ташкынын алдын алуу боюнча облустук деңгээлдеги машыгуу өттү. Бул тууралуу Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

1-ноябрь күнү Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Ничке-Сай айылында Ош облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы, Өзгөн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жарандык коргонуу кызматынын кызматкерлери менен биргеликте сел жана суу ташкынын алдын алуу боюнча окуу-машыгуу уюштурган. Максаты — тургундарды, мамлекеттик мекемелерди табигый кырсыктардан коргоо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×