Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Ош облусуАлай району 04.11.2019 14:53

Алайлык фермер уулун Россияга жөнөтпөй, айылда жакшы киреше табуунун сырын үйрөттү. Видео

Turmush -  Алай районунун Корул айыл өкмөтүнө караштуу Кең-Жылга айылынын 75 жаштагы тургуну Орунбай Эркебай уулу мал чарбачылыгы менен алектенет. Ал жаш кезинен эле мал багып, учурда жакшы киреше таап жатканын билдирди. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Фермердин айтымында, Россияга барбай эле Кыргызстандан жакшы киреше тапса болот. Ал учурда мал багуунун сырларын баласына үйрөтүп жаткан чагы.

«Чарбаны түптөп баштаганымдын себеби бар. Бир күнү кенже уулум алдыма келип, “ата, мен да эл катары Россияга барып иштеп келейин. Бул жерде айлыгы жакшы жумуш жок” деди. Ошондо “сага бир сунуш айтам, ошону кылсаң, Россияда иштегендерден да миң эсе жакшы пайда табасың” дедим. Балам макул болду. Алгач 5-6 торпок алып, бага баштадык. 2018-жылы уулум 30 бука сатып алып бакты. Быйыл дагы 20 бука сатып алып, багып жатабыз. Алардын экөө 2 жашар , 18 башы 3 жашар букалар. Үйдөгү бардык чыгашаны ушул чарба жабат. Буюрса балам эки кабаттуу үй куруу үчүн пайдубал тургузуп койду. Акчаны айылдан да тапса болот. Болгону аракет, талыкпас эмгек гана керек», - деди Орунбай Эркебай уулу.

Ал мал чарбасы оор, түйшүктүү иш экенин жашырган жок.

«Оңой иш жок. Эртеден кечке чейин мал менен алек болобуз. Ар бир бука 2 маал 4 килограммдан жем жейт. 2 кг кебек, 2 кг жүгөрүнүн жемин аралаштырып берем. Өкмөт тарабынан берилген 2 гектар жерим бар. Ошол жерге арпа, буудай эгип, кышкыга чөп, жем камдайм. Чөп да жетпей калат, сатып алууга туура келет. Малды убагы менен дарылап турабыз. Чыгаша болбосо, кайдагы киреше болмок эле. Айыл өкмөттөн азырынча жардам сурай элекмин. Эгерде чарбаны чоңойтсом колдоо сурашым мүмкүн», - деди фермер.

Ал баккан букаларын базарга алып чыгып сатпайт. Касапчыларга сойдуруп, этин да аларга сатат.

«Азыр 20 бука бар. Жакшы карасаң, убагында жем-чөбүн, суусун берсең, булар да жакшы эт берет. Киреше кылган мээнетиңе жараша болот. Мен букаларымды базарга алып барып сатпайм. Касапчыларга сойдуруп, этин ошолорго тапшырам. Жаш букалар 300-400 килограммга чейин эт берет. Чоңдору 600 килограммдан ашык эт берет. Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл эттин баасы кымбат.

Алайда багылган малга базарларда суроо-талап жакшы. Эти да даамдуу болот деп айтышат. Январь айынан баштап букалардын барын сойдуруп, этин сатып, кайра башка букаларды сатып ала баштайбыз», - деди Орунбай Эркебай уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×